Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.06.2018 16:03

Жезде: Таластык Эрлан жезде үйлөнгөн учурун эстесе «Боз салкын» тасмасын элестетет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Эрлан Береналиев үйлөнгөн учурун эстесе «Боз салкын» тасмасын элестетет. Аймактык кабарчы «Жезде» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Кашат айылында чоңойгон. Жубайы экөө үйлөнгөн кезде өзү 20, жубайы 18 жашта болчу.

«Үйдө улуу агаларым үйлөнүп, бөлүнүп кеткен соң жайлоого чыкканга ылайыктуу бала болуп калдым (күлүп). Анан атам үйлөнөсүң деп калды. Жубайым Гүлнара Жумашалиева ошондо 18 жашта эле. 11-классты аяктап жаткан учурда аталаш карындашым тааныштырган. Келинчегим Талас шаарында өскөн. Экөөбүздүн ата-энелерибиз бири-бирин таанып, жакын билип жүрүшчү экен. Үйдөгүлөр «жакшы үй-бүлөнүн кызы, сага кут алып келет» деп көп айта берчү. Экөөбүз 2000-жылы 2-август күнү үйлөндүк. Кайра эле 10-августта жубайым экөөбүздү үйдөгү мал менен жайлоого көчүрүп барып коюшту. Азыр ошол кезди эстесем, «Боз салкын» тасмасына окшоштура берем. Мен эртең менен туруп мал жайып кетем, кечти күтүп үй жакты карайм. Жубайым тоок кайтарып, кечке талааны карап мени күтөт. Келинчегим өмүрү жайлоону билбеген шаардык кыз, уй сааганды билбейт. Боз үйдүн шартына көнө албай башында экөөбүз тең кыйналдык. Кетели деп кээде ыйлап да калчу. Тоодо 3 ай гана чыдаганбыз. Улуу балабыз төрөлгөндөн кийин жайлоого такыр чыкпай калдык. Бирок жубайым жашоомдо чын эле кут болду.

Мен кичинемден техникага кызыкчумун. Унаа оңдогонду үйрөнүп, автоэлектрик жагын өздөштүрүп, иштеп баштадым. 9 жылдан бери Талас шаарында унаа оңдоочу жайда иштеп, элге кызмат кылып келем», - деди ал.

Каарманыбыз кайын журтундагы кызыктуу окуялар менен бөлүштү.

«Кайын журтума 20 жашымда күйөө бала болдум. Башка бажаларымдын курактары кыйла улуу эле. Жанына барсам эле кичинекей бала катары көрө бергендей сезиле берчү. Азыр мага деле 20 жаштагы балдар кичине эле көрүнөт. Ал бажаларыма башында аралаша алган жокмун. Кичүү кайын иним ошол учурда 9 жашта эле. Кайын журтка барган сайын «жезде Sonny ойнойлу» деп ээрчитип кетчү. Кичине чоңойгондо бильярдга барып жүрдүк. Ал кандай ойносо мен деле ошого көнүп жүрө берчүмүн. Кайын журтум кээде тамашалап, кичүү кайын иним экөөбүздү тең чоңойдуңар деп айтып калышат», - деди ал.

Эрлан жезде 4 уул, 1 кыздын атасы. 17 жаштагы улуу баласы Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде окуйт. Андан кийинкилери мектепте окушат. Жубайы экөө дагы наристелүү болуу алдында турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×