Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.06.2018 20:13

Эгиздер: Таластык Айбек менен Жибек бат эле урушуп кетишсе да сабакта бири-бирине жардам берип турушат (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 15 жаштагы эгиздер — Айбек Абдукаимов менен Жибек Абдукаимова сабакта бири-бирине жардам берип турушат.

Жибектин айтымында, Айбек андан 15 мүнөт эрте төрөлгөн.

«Айбек экөөбүз учурда Талас шаарындагы №3 гимназия-мектебинин 9-классында окуйбуз. Айбек алгебраны жакшы окуп, эсеп чыгарууда мага жардам берсе, мен гуманитардык сабактарды жакшы окуп, тил сабактарынан жардамдашам. Менин мүнөзүм ачык, шайыр, бетке айтканды жактырам. Ал эми түгөйүмдүн мүнөзү тартынчаак.

Мен Айбектен 15 мүнөттөн соң төрөлгөм. Кичине кезибизде бири-бирибизге жакын болуп, чогуу ойноп, бир жакка барсак дайыма чогуу жүрчүбүз. Азыр мүнөзүбүз жакшы келишпей кетет, бат эле урушуп кетебиз. Бирок бул нерсе убактылуу деп ойлойм. Айбек келечекте IT тармагында иштегиси келет. Мен келечектеги кесибимди тандай элекмин», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×