Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.06.2018 14:56 На русском

Айыл турмушу: Таластык мугалим С.Жарманбетованы ыңгайсыз абалга калтырган окуучулары азыр да эсинде (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 52 жаштагы мугалим Самара Жарманбетова 8 жылдан бери шаардагы А.Чолпонкулов атындагы орто мектепти жетектеп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, адистиги боюнча орус тили жана орус адабияты мугалими.

«1988-жылы Россиянын Курск шаарындагы педагогика институтунун орус тили жана орус адабияты бөлүмүн аяктагам. Эмгек жолумду Бакай-Ата районундагы Кара-Кашат айлынан баштагам. 1996-жылдан баштап Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы орто мектепте иштеп калдым. Бул мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп жүрдүм. 2009-жылы мектепке жетекчи болдум. Өзү 1070 балага эсептелген мектеп болсо да 1500 миң окуучу окуйт.

Башында жаңы келгенимде акыбалы начар эле. Долбоорлор менен мектептин чатырын котордук, жылуу суу киргиздик. Биринчи эле ишти гүлдөрдөн баштадым. Мектепке жаңы келгенде гүл жокко эсе экен. Мен гүлдү абдан жакшы көрөм. Үйдө гүлдүн түрлөрүн өстүрөм. Ошол учурда бутактуу гүлдөр көп болуп, үйгө батпай да бара жаткан. Мектепке күндө бирден көтөрүп ташып отуруп, чекесинен көбөйтө баштадым. Башында кыйын болду, балдар жалбырактарын үзүп кетишет. Саны көбөйүп, гүлдөгөн сайын мугалимдер дагы кызыктар болуп, карап башташты. Окуучулар өздөрү суранып, үйлөрүнөн гүл алып келип, класстарга коюп жатышты. Бүгүнкү күндө мектепте гүлдүн 50дөн ашык түрү 200дөн ашык чакада өсүп жатат. Элибизде «эшигин көрүп төрүнө өт» деген кеп бар эмеспи. Ар бир мекеменин кире бериши гүлдөп турганы жакшы көрүнүш.

Жөнөкөй мугалим болгон кезимде жетекчиликти «муну мындай кылса жакшы болмок» деп сындап калчумун. Бирок өзүң ал милдетти алган соң такыр башкача болот экен. Убакыттын тартыштыгынан кээде пландаган иштерди аткара албай калган учурлар болот экен. Ошондо гана ойлоп коюу бир, бирок аткарганда такыр башкача болорун түшүнгөм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мугалимдик ишиндеги кызыктуу окуяны айтып берди.

«Мугалимдик тажрыйбамда бир жолу кырдаалдан чыга албай калган учурум болду. 1982-жылкы окуучуларымдын 11-класс кези эле. Орус адабиятынан Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестин өтүп жатканбыз. Кыздар менен балдарды 2 топко бөлүп, «кыздар Жамийланын ордунда болсоңор, балдар Даниярдын ордунда болсоңор кандай кылмаксыңар?» деген суроо бердим. Бардыгы талашып, катуу талкуу жүрүп жатты. Арасынан бир окуучум терезени карап катуу ойлонуп жаткан эле.

Бир маалда барып, жагдайын сурасам, мага «Самара эже, сиз Жамийланын ордунда болсоңуз эмне кылмаксыз?» деп сурап жатпайбы. Ал суроону күткөн эмесмин да, эмне деп жооп береримди билбей туруп калдым. Башка педагогикалык кырдаалдардан бат эле чыгып кетчүмүн, бирок бул суроого жооп бере албай «ойлонуп, эртең айтып берейин» дедим. Ал болсо «сиз деген мугалимсиз да» дейт. Менин жооп бере албаганымды байкаган жакшы окуган окуучу кызым «эже андай болсо качып кетмек» деп талкууну улантып кеткен. Эмдиги жылы ошол окуучуларыбыздын мектепти бүткөнүнө 20 жыл болот.

Дагы бир эсте калганы 2-класстын окуучусу болгон. Сабак өтүп жатсам бир окуучум ойлонуп отурат. «Сен теманы түшүнбөй калдыңбы?» деп сурасам мени карап «Эмнеге орусчаны ушунча жакшы сүйлөйсүз? Кайсы мектепти бүткөнсүз? Мектепти жакшы окугансыз да ошон үчүн директорсуз да» дейт. Мен 2-класстын окуучусунан мындай суроо күткөн эмесмин. Анан класстын барына «мен бул мектепти аяктагам» деп өзүм жөнүндө айтып бергем.

Ишимде токтоолугум чоң жардам берет. Мисалы мектепте чоң жамаатка талап коюп жетекчи болуу өтө кыйын. Ар бир мугалимдин кызыгуусун, үй-бүлөдө жагдайын, анын көйгөйүн билип, барын эске алуу менен мамиле кыласың. Үйүңдө бир маселе болуп турса эч кандай сапаттуу билим бере албайсың. Эң негизи үй-бүлөдө тынчтык болсо, кайсы тармакта болбосун жумуш ийгиликтүү болот», - деди ал.

Мугалим айым үй-бүлөдө 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×