Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Жаш талант: Таластык 17 жаштагы балбан Б.Акматов спорт чеберине талапкер болду (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Бакыт Акматов эркин күрөш боюнча мелдештерде 30дан ашык медаль утуп, спорт чеберине талапкер болду. Аймактык кабарчы балбан жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, күрөш менен 4-классынан бери машыгып келет. Учурда Талас мамлекеттик колледжинин 2-курсун аяктады.

«Эң биринчи күрөшкө акем алып барган. Машыгып жүрүп, арадан 2 жума өткөн соң Таласта мелдеш болгондо акем кыйнап күрөштүргөн. Анда салмагым 30 кг болчу. Менин салмагымда чемпион бала бар эле. Ал көп мелдештерди утуп жүргөн бала болчу. Эптеп жарым финалга чыгып, чемпион бала менен күч сынаштым. Акем болсо «коркпой күрөш» деп айтчу. Ал кезде кичинекей болгондуктан чемпион десе эле корко берчүбүз. Бирок ошол мелдештен 2-орунду алып калгам. Андан кийин ата-энем да сүйүнүп, күрөшкө жөнөтүп баштады. Агайым ар кандай ыкмаларды үйрөтүп баштады», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спорттогу ийгиликтери жөнүндө айтып берди.

«Бишкекке биринчи жолу мелдешке барып, утулуп калганда ыйлагам. Андан кийин ого бетер катуу машыгып баштадым. 39 кг салмакта Жалал-Абаддагы мелдештен 2-орунду алып келдим. 42 кг салмакта Ошко барып, 3-орунду алдым. 2013-жылы шаарда эл аралык турнир болгон. Ал жактан 3-орунга ээ болгом. Ошондо мени спорт мектепте окууга чакырышты. Эң кичүү бала болгондуктан үйдөгүлөр «жалгыз калып калабызбы» деп жөнөтүшкөн эмес. Менин көңүлүм түшүп калды.

2014-жылы Ысык-Көлдөгү мелдештен 1-орунду алып, ортодо 2 жыл — 2015-2016-жылдары спортто тыныгуу жасадым. 2017-жылда кайра күрөшкө кайтып келдим. Быйыл Таласта шаарынын мэринин кубогунда 2-орунду алдым. Чоңдор арасындагы чемпионатта 71 кг салмакта күрөшүп, 3-орунду алдым. Республикалык спартакиадага Таластын атынан 74 кг чыгып, 3-орунга ээ болдум. Бул мелдеште менин салмагым 67 кг эле. Агайым «74 кг чык» деп койгондуктан эптеп жеңишке ээ болуп, спорт чеберине талапкер болдум», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Көп окулду
×