Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 08.06.2018 08:05 На русском

Таласта мурда соттолгон адам уурулукка шектелип кармалды

Turmush -  Талас шаарынын аймагында уурулук кылууга шектелип 38 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, кармалган адам Манас районунун 1980-жылы туулган тургуну. Ал буга чейин сот жоопкерчилигине тартылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал Талас шаарынын аймагында эки ирет уурулук жасаган. Шектүү үй ээлери жок болгон учурда терезеден же эшикти талкалап кирип, ири өлчөмдөгү акча каражатын, жасалгаларды, уюлдук телефон, планшет жана башка баалуу буюмдарды уурдаган.

Милиция кызматкерлерине Талас шаарынын тургуну кайрылып, 27-майда белгисиз адамдар батирге терезеден кирип, 55 миң сом уурдап кеткенин билдирген. Мындан тышкары 28-майда белгисиз адамдар тарабынан шаардагы батирлердин биринен ноутбук, планшет, «Айфон 6С» үлгүсүндөгү телефон, 5 миң сом жана 10 миң сомго бааланган жасалгалар уурдалган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуларга келтирилген зыян төлөнүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×