Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Жеңеке: 20 жылдык өмүрүн кабарчылыкка арнаган С.Сариевага министр менен белгиленген маектешүү чоң сабак калтырган (фото)

Turmush -  Талас шаарында жашап жаткан Салика Сариева 20 жылдан бери кабарчылык кесиптин түйшүгүн аркалап, көптөгөн ийгиликтерге да жетишти. Кесиптештери кесипкөй адис катары тааныган жеңеке 1977-жылы Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарыкка келгенин аймактык кабарчыга айтып берди. Чоң үй-бүлөдө өскөн жеңеке 9 бир туугандын бешинчиси.

«1994-жылы мектепти аяктап, Бишкектеги Улуттук университеттин журналистика факультетин 2000-жылы бүтүргөм. 2002-2003-жылдары Талас мамлекеттик университетинде эмгектенип, кийинки жылы Бишкектеги мамлекеттик гезитте иштеп баштадым. Ал эми журналисттик кесипти мен кичинемден эле тандагам. Мектептеги кыргыз тилчи мугалимим Жумакан эже да "сен журналист болушуң керек" деп багыт берди.

Бала кезден китеп окуганды жакшы көрөм. Күнүнө адабий китептен жок дегенде 4-5 барак окуп туруу күнүмдүк адатым болуп калды (күлүп)», - деди С.Сариева.

Бала кезинде үйдө дайыма радионун үнү жаңырып, кабарлар окулганы анын эсинен кете элек.

«Адабий чыгармаларды Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматовалар көркөм окушчу. "Сары-Өзөн" адабий-музыкалык уктуруусун тамеки тизип жаткан учурда күтүп укчу элек. Үйдө эртеден кечке чейин жаңырып турган радио дагы журналисттик кесипти таңдоомо чоң таасир берди», - деп кошумчалады.

Ал 2014-жылдан тарта үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Талас шаарында жашап, эмгектенип келет.

«Журналисттик кесип өзү кызык (күлүп). Күн сайын жаңы дүйнө ачылып, жаңы адамдарды тааныйсың. Ар бир жаңы адамдын жаңылыктары, сүйлөгөн сөздөрү бул дүйнөдө адамдын бүтпөгөн турмушун, психологиялык ар кандай жагдайлардын жаңы эшиктерин ачат.

Кызыктуу окуяларымдын бирин айтып берейин. Практикада жүргөнүбүздө Гүлайым Кутманалиева деген эжейим радиодо маалымат-аналитикалык редакцияда иштечү. Ал мени маектешүүлөргө ээрчитип алчу эле. Эсимде, бир жолу бир министрди 2 күн дегенде маектешүүгө араң көндүрдү. Ал министр убактысы чектелүү экенин эскертип, биз барып маектешүүнү баштайлы дегенде микрофонубузду таппай калдык. Аны шашканыбыздан унутуп калыптырбыз. Ошондо Г.Кутманалиева мага "эң негизги куралыңды унутпа, сен мен кетирген катаны кайталаба" деген. Ошондонбу, айтор азыркы учурга чейин маектешүүгө чыгып жатканда сөзсүз өзүмдү текшерип чыгам.

Ал эми министр адамгерчиликтүү экен. Биздин абалыбызды түшүнүп, кийинчерээк өзү убакыт таап маектешкенбиз», - деди С.Сариева.

Учурда ал 1 уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 996
Көп окулду
×