Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 05.06.2018 15:39

Вице-премьер А.Өмүрбекова Таластагы социалдык объектилерди кыдырып чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда Талас облусуна иш сапары менен келген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова социалдык объектилер менен таанышты. Аймактык кабарчы билдиргендей, иш сапар Талас районунун Сасык-Булак айылындагы бала бакча менен таанышуудан башталган.

Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан райондук биргелешкен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акыбалы менен таанышууда тургундар 250 орундуу оорукананын имараты бош турганын айтышкан. Ал эми Талас райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иммунолог дарыгери Барчайым Турусбекованын айтымында, оорукананын имараты учурда эч кимдин карамагында эмес. Бул жерге 2008-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу көчүп келген.

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Нуралиев оорукананын имаратын заманбап шарттар менен оңдоп чыгууга 40-50 млн сом жумшала турганын кошумчалады.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү Талас шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аллеяны оңдоп-түзөө иштери менен таанышып, 1985-жылы курулуш иши башталган Талас облустук филармониянын имаратын көрүштү. Бул имаратка мамлекеттик мекемелерди жайгаштыруу пландалган болчу. Ал эми бошогон мекемелердин имараттары бала бакча болуп ачыла турганы айтылды.

Жаңы имаратта 600 орундуу жыйын залы жана 180 орундуу кичи зал болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×