Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Таластагы, Чүйдөгү жана Оштогу тартип сакчылары балдарга белектерди тапшырышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Талас облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Талас районунун Көк-Ой айылындагы майып балдардын борборуна барып, азык-түлүк тапшырышты. Бул тууралуу бөлүмдүн инспектору Сабит Оморов билдирди.

«Ал күнү жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат кылдык», - деди ал.

Ош облусунда жол кыймылынын сакчылары балдар үчүн салтанат уюштуруп, ар кандай оюн-зоокторду өткөрүштү. Жеңүүчү балдарга ар кандай белектер тапшырылды. Иш-чарага Ош облусунун мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары катышты.

Чүй ОИИБ менен Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери балдардын майрамына карата аларга таттууларды таратышты. Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери Кызыл-Суудагы мектеп-интернатка барып, азык-түлүктөрдү, белектерди тапшырышты. Чүй ОИИБдин өкүлдөрү Чүй мектеп-интернатына барып, азык-түлүктөрдү беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Көп окулду
×