Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 01.06.2018 15:37 На русском

Таластын мэри А.Жузупбеков «жерлер мыйзамсыз берилип жатат» деген сөздөр боюнча түшүндүрмө (видео)

Turmush -  Бүгүн 1-июнь күнү Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков Талас-АКИпрессте Өнүктүрүү фондунун каражаттары, өткөрүлгөн тендерлер боюнча маалымат жыйын берди.

Мэрдин айтымында, азыр Өнүктүрүү фондунун каражаттары, өткөрүлгөн тендерлер жөнүндө ар кандай божомол, ушак сөздөр айтылып жатат.

«Өнүктүрүү фонду тарабынан Талас шаарына 43 млн 170 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатты 2017-жылы драм театрга бөлөбүз дегенде шаардык кеңештин депутаттары каршы болушуп, мурдагы президентибиз А.Атамбаев 45 млн сом каражат бөлдүрүп, драма театр толугу менен бүтүп ишке берилген.

Бүгүнкү күндө 3 долбоор боюнча тендер өттү. Биринчи 4 млн 673 миң сомго 18 кубтук таштанды ташуучу унаага тендер жарыяланган. Ага 5 ишкана катышып, анын ичинен талапка жооп берген деген, Талас шаарында катталган «Аз-Нур» аттуу фирма утуп алды. Ар бир тендер өткөндө өзүнүн тиешелүү, мыйзамдуу процедурасы менен өтөт. Экинчи тендер 2 дагы жол техникаын алуу боюнча өтүп, ага 4 фирма катышты. Андан дагы "Аз Нур» ишканасы утуп алган. Дагы бир өткөн долбоор менен Талас шаарына 2 миң түп туя алынып келди. Алар Бердике баатыр, Ч.Айтматов көчөлөрүнө жана паркка тигилди. Тургундардан ар ким үй алдындагы туяларды карап коюсун суранабыз. Бүгүнкү күндө Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 20 туянын уурдалгандыгы тууралуу арыз таштадык», - деди ал.

Мэр буга катар эле «жерлер мыйзамсыз берилип жатат» деген сөздөр боюнча түшүндүрмө берди.

«1992-жылдан баштап шаардын карамагындагы жер тилкелери бериле баштаган. Бүгүнкү күндө 3 жаран кат менен кайрылган. Алар кезеке туруп алган жер тилкелерин алган соң ал жерде тамдар туруп калган болот. Сот аркылуу алардын дарегин которуп, башка даректен жер тилке алып бердик. Бүгүнкү күндө 1200дөн ашык адам жер тилкеге кезекте турушат. Талас шаарынын карамагында бош жер тилкелери жокко эссе. Учурда бош турган 40 жер тилкесин текшерип жатабыз», - деди Жузупбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×