Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 01.06.2018 14:37

Бала тили — бал: Таластагы балдардын майрам, ата-эне, жүрөк жөнүндө ойлору (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолу бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Талас облусундагы балдарды кепке тарттык.

- Талас районунун Козучак айылынын 5 жаштагы тургуну Эмирхан Алымбеков.

- Эмирхан ата деген ким?

- Атам жумуш кылат, огород сугарат. Картошка-сартошка тигет.

- Апа деген ким?

- Гүлнур апам. Каяка барса деле кечке эрчий берем да.

- Майрамда деген эмне?

- Апалар морожный алып берет, музга түшөм. Очки тагынып алабыз. Пахта жейм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милиса болом.

- Милиция эмне кылат?

- Документ текшерет. Машиналарды тосот. Колун кайрыйт.

- Чоңойгондо кимди аласың?

- Аселди.

- Ким ал?

- Ал апчем менен окуйт.

- Эмнеси жагат?

- Биздин үйгө келет, анан соткасын ойнотот мага. Кирпиги чоң.

Талас шаарынын 3 жаштагы Алсу Нурадилова.

- Алсу апа деген ким?

- Жибек.

- Ата деген ким?

- Манас.

- Канча апаң бар?

- Үчөө.

- Алар кимдер?

- Жибек апам, Гүлсат таенем, Акылай мамам.

- Ата апа деген булар кимдер? Алар эмне кылат?

- Кийинтет, жумуш кылат, майрамдарга алып барат.

- Майрамдайсыңбы? Кантип майрамдайсың?

- Кукула берет, морожный жейм, торт жейм туулган күнүм болгондо.

- Сүйгөнүң барбы?

- Тийек деген баланы сүйөм.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Ова барам.

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 5 жаштагы тургуну Арлен Амангелдиев.

- Арлен ата-апа деген кимдер? Алар эмне кылышат?

- Алар деген мени асмандан алып келишкен да, тамак беришет алмак-салмак бетимен өбүшөт. Айылга ээрчитип барышат.

- Сен үчүн майрам деген эмне? Майрамда эмне кылышат?

- Ой жыргашат да, марожный жейт, кола ичет. Майрамда жаңы кийим кийет да ошондо ырдап-бийлеп, кубалашмак ойнойсуң.

- Балалык деген эмне?

- Ойногон, тамак ичкен, магазинге барган.

- Сенин жүрөгүң барбы?

- Бар. Ойго жүргөндө дух-дух деп, уктап жатканда тых-тых деп акыырын согот.

- Жүрөк деген кандай болот?

- Бир жагы кызыл, бир жагы көк болот?

- Эмне үчүн андай болот?

- Кызыл кичинекейлердики, көк чоң кишилердики болот. Бирөөнү сүйгөндө жүрөк ортосунан жарылып калат.

- Жаныбарлардын жүрөгү болобу?

- Болот бирок анча эмес да. Алардыкы кичинекей болот.

- Сен качан чоң киши болосуң?

- Мм... жана бир эже ырдайт ко «18 жаш» деп эски ыр. Бирок чоң киши болсоң жаман жумуш кыласың.

- Апаң сага кандай тамактарды жасап берет?

- Бийинчик көп жасайт.

- Үйдө канчоо болуп жашайсыңар?

- Көппүз. Көп тамак ичебиз.

Талас шаарынын 5 жаштагы тургуну Асыл Нурадилова.

- Асыл апа деген ким?

- Апам. Ага конок тоскондо жардам берем. Аты Акылай.

- Ата деген ким?

- Менин эки атам бар. Бирөө Анарбек (өз атасы), бирөө Манас (чоң атасы).

- Майрам деген эмне?

- Ал праздник. Атамдар менен барып мойожный, шарик, кукула, мончок алдык.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Ооба. Жазгүл эжекемдин, Элнура эжекемдин садигине барам.

- Атаң жакшыбы же апаңбы?

- Апам. Анткени кичекей сок алып берет.

- Сүйгөнүң барбы?

- Даниель деген бала бар. Бетимди тытып тийише берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×