Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Таласта канализация түйүндөрү өткөн жолдорго асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Талас шаарында канализация түйүндөрү өткөн жолдорго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык таза суу ишканасынын жетекчиси Эркинбек Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор европалык банктын каржылоосу менен ишке ашып жатат. Анын алкагында Талас шаарынын таза суу жана канализация түйүндөрүн реабилитациялоо долборунун негизинде 23840 таза суу түйүнү курулуп бүтүү алдында турат. Ошондой эле Талас шаарында 7450 метр канализация түйүнү курулуп бүтүп колдонулууда. Долбордун негизинде таза суу кирген түйүндөр жайгашкан жолдорду оңдоп-түздөө каралган. 2017-жылы шаардын Ч.Сатаев, Москвиченко жана Рыскулов көчөлөрүнүн казылган жолдору калыбына келтирилип, 1154 метр жерге жаңы асфальт бастырылган.

«Бүгүнкү күндө бул долбордун алкагында бузулган жолдорду кайра калыбына келтирүү иштери Ч.Сатаев, Манас, А.Оторбаев, А.Турдалиев көчөлөрүндө жүрүп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 638
Көп окулду
×