Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык С.Кенжалиева өз алдынча тортторду жасап, 500 сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Сайкал Кенжалиева өз алдынча торт жасаганды үйрөнүп, буйрутмаларды кабыл алып ишкерлик кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча медайым. Талас мединциналык колледжин 2015-жылы аяктаган.

«Кичинекей кезимден бери эле ар кандай таттууларга жакын болуп, жасаганга кызыкчумун. Көп дагы жечүмүн. Сыналгыдан, интернеттен, китептерден алардын жасалуу курамын окуп жасай баштагам. Ошентип бул нерсе менин хоббиме да айланды. Дагы жакшылап үйрөнөйүн деп кондитердик жасалгалоочу курсун аяктап, 4-разрядагы сертификат алгам. Кийин жасаган тортторумду инстаграмдагы жеке баракчама жүктөй баштадым. Бир аз күндөн кийин буйрутмалар келип, күнүнө 3-4 торт жасай баштадым. Жаңы жыл жана башка майрамдардын алдында адаттагыдан көбүрөөк буйрутма алам. Жасалган торттордун баалары анын түрүнө, жасалышына карата болот. Бал менен жасаган торттор 400-500 сомдон бааланат. Бир торт 4 саатта толук даяр болот. Жакында өзүмдүн жеке кондитердик ишканамды ачып, торттун түрлөрүн жасасам дейм», - деди ал.

Сайкал бийкеч үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1012
Көп окулду
×