Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Таласта таштанды ташуучу 4,6 млн сомдук унаа айдоочу адис жок иштетилбей турат

Turmush -  1 жума мурун Талас шаарына алынган таштанды ташуучу 4 млн 673 миң сомдук унаа айдоочу адис жок ишке бериле элек. Бул тууралуу Талас шаардык коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

Анын айтымында, бул чоң унаага 12 куб таштанды батат.

«Унаа 2014-жылы чыккан. Текшерүүдөн өткөрдүк. Эртең 30-май күнү дагы бир жолу адистин текшерүүсүнөн өтөт. Бүгүнкү күнгө чейин ишке берилбей турганынын дагы бир себеби — атайыы бул «КамАЗды» айдоочу адистин жоктугу. Бул унаа 4 млн 673 мин сомго өнүктүрүү фонду тарабынан алынган. Дагы Талас шаарына көчөнүү жууй турган 2 унаанын келиши күтүлүп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 692
Көп окулду
×