Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 29.05.2018 15:10

Мекендештер: Таластык А.Садыров Америкада архитектор болуп иштеп, айына 4 миң доллардан таап жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну Алмаз Садыров Американын Пенсильвания штатында иштеп, айына 3-4 миң долларга чейин айлык алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча энергетик.

«2013-жылы Москва шаарында иштеп калдым. Ал жакта 19-кылымга таандык антиквариат мештерди оңдоп иштедим. 1 жыл мурун Грузиянын Тбилиси шаарынан виза алып, азыр Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жашап жатам.

Америка мени кичинемден тартып турчу десем болот. Россияда жүргөнүмдө эле каражат топтоп кыялымды ишке ашыргым келип, биринчи Белоруссияга баргам. Ал жактан уруксат ала албай, Грузиядан виза алдым. Бул жакта келгенде эле курулуш тармагына ишке кирдим. Азыр курулуш ишканалардын биринде архитектура бөлүмүндө иштейм. Жумушум атайын техникалар менен кылынып, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жабабыз. Күнүнө 150 доллар айлык алам. 1 айда 700-800 долларга кенен жашаса болот.

Бул жак абдан жашыл шаар. Унаалар жаңы, шаарды түтүн каптаганын көргөн жокмун. Адамдар бири-бирине сый мамиле кылып, мыйзам барына бирдей иштейт. Эрежелери, талаптары катуу. Бирок барына бирдей карашат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, Америкадагы кыргыздар чогулуп турушарын кошумчалады.

«Бул жакта дагы кыргыздар бар. Барыбыз чогулуп турабыз. Бешбармак сагынган деле күн болгон жок. Анткени уй союп, этин бөлүшүп алабыз. Бешбармак, оромо, чучук жасап жейбиз. Айран уютуп, жарма жасап, бозо кылган да учурлар болот. Келечекте бул жактан алган тажрыйбамды мекенимде көрсөтсөм. Келинчегим учурда Таласта. Жакында эле 23-май күнү кыздуу болдук», - деди Садыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×