Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 29.05.2018 13:20 Жаңыланды: 29.05.2018 19:00

Сасык жытка чыдабай калдык: Таластыктар оорукананын таштанды маселесин чечүүнү суранууда (видео)

Turmush -  Талас шаарындагы Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын убактылуу таштанды сактоочу жайынан чыккан жыт 4 көчөнүн тургундарына ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, оорукананын өлүк сактоочу жайы, кан куйган бактар, убактылуу таштанды таштоочу жайы менен үйлөрдүн аралыгы 10 метр.

Калинин көчөсүнүн тургундарынын айтымында, ооруканадан жагымсыз жыт 2005-жылдан бери чыгып жатат. Башында таштандыларын дагы алышчу эмес, арызданып отуруп, азыр бат-баттан тазалап калышты. Бир убактарда оорукананын жетекчилигине кайрылышканда «бул жерден чынында жер тилке берилбейт, жерди силер сатып алгансыңар» деп койгон. Бирок СССР тараган маалда эле, 1992-жылы бул жер тилкелер берилген.

(Оорукананын таштанды жайы)

Калинин көчөсүнүн тургуну Теңдик Кайнарбековдун айтымында, таштандыдан балдарын көзөмөлдөп турушат.

«2005-жылдан бери ушул оорукананын жанында жашайм. Ошол жылдан тарта эле оорукананын санитардык абалы биз үчүн коркунуч туудуруп жатат. Кошуналар бир нече жолу жетекчиликке кайрылганбыз, бирок муну чечип бере алган жок. Бул жерде кичинекей балдар көп ойношот. Ошол таштанды жакка дагы ойноп кетишет, биз коркобуз. Ал жакты көздөн далдоо кылганы менен жытын кайда жашырабыз. Унчукпай жүрө берсек болбойт. Ушул жерден таштандыны алып салышса жакшы болот эле. Өзүңөр көргөндөй үйүбүз менен таштанды кармоочу жайдын ортосу 10 метр эле. Кан төгүүчү бактан чыккан жыттан 4 көчөнүн эли зыян тартып жатабыз», - деди ал.

Ал эми Талас облустук ооруканасынын жетекчиси Нурдин Усупбековдун айтымында, ар бир оорукананын убактылуу таштанды кармаган жайы болот.

«Ал жер оорукананын убактылуу таштанды сактоочу жери. Жумасына чогулган таштандыны алып кетип турат. 1 жума бою ал жерге таштанды чогулат. Жанында беккари чуңкуру бар, анда төрөттөн кийинки биоташтандылар төгүлөт. Үстү хлорлонуп, зыянсыздандырылат. Ал жердин жытын такыр чыгарбай коюу мүмкүн эмес. Ал жердеги таштандыга кан, ийнелер ташталбайт. Ал жерге бейтаптар колдонгон гана буюмдар ташталат. Медициналык колдонулган буюмдар, автоклавированиядан өтүп, жөн эле таштандыга айланып төгүлөт. Оорукана атайын эл жашаган аймактан алыс курулат. Ар бир оорукананын убактылуу таштанды кармаган жайы да болот. Эл жашаган үйлөр оорукананын жанында болбошу керек эле. "Биз биринчи келгенбиз, андан кийин оорукана келди" деген туура эмес. Оорукананын башкы планы 1985-жылы түзүлүп, алгачкы имараттары курула баштаган. Акыркы имараты 2009-жылы курулуп бүткөн», - деди ал.

Талас шаардык мэриясынын турак жай, коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси Руслан Жээнбековдун айтымында, оорукананын да, тургундардын да жерлери мыйзамдуу берилген.

«Талас шаарынын батыш тарабында жайгашкан оорукананын аймагындагы жер тилкелер башкы план боюнча тургундарга 1992-жылдан тарта бериле баштаганы чындык. Бардыгы мыйзамдуу түрдө алышкан. Ал эми ооруканага жер башкы план боюнча 1985-жылы бөлүнгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×