Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусу, Талас 30.05.2018 08:56 На русском

Майрамдын ордуна кайрымдуулук: Аймактарда 10 жана 20 жылдыктар муктаждарга үйлөрдү куруп беришти (видео)

Turmush -  Мектептерде акыркы коңгуроонун кагылышы менен алиппени окуп бүтүргөн бөбөктөр бир класска жогорулап, бүтүрүүчүлөр жаңы жашоого кадам таштаса, мектепти бир нече жыл мурун аяктаган ага-эжелерде балалыгын эстеткен өзгөчө сезимдер пайда болот. Өзгөчө өлкөнүн аймактарында маани берилген 10 жана 20 жылдык жолугушууларга да акыркы коңгуроо чоң себеп.

Акыркы жылдары мектептерди 10 жана 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр жолугушуунун алкагында алгылыктуу демилгелерди көтөрүп, ишке ашырып жатышат. Алардын аракети менен айылдардын кире бериши көрктөндүрүлүп, айлана-чөйрө жашылдандырылып, айылдын ар кандай муктаждыктары да чечилип жатат. Ошондой эле жардамга муктаж үй-бүлөлөргө турак жай куруп, мал-жандык сатып берип, башка муктаждыктарын камсыздаган эр-азаматтар да бар.

Turmush басылмасынын кабарчылары өлкөнүн аймактарындагы мындай саамалыктарды жеринде чагылдырууну улантат. Бул жолу мектептерди 10 жана 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн демилгелүү иштерин толук жарыялайбыз.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ош облусу

Быйыл Өзгөн районунда өзгөчө иш-чара уюштурулду десек болот. Май айында Куршаб айылындагы мектепте 79 жана 80 жаштагы ата-апалар 60 жылдык бүтүрүү кечесин белгилешти.

60 жылдык кечени уюштуруучулардын бири Рахматулла Абдыраев билдиргендей, бирге окуган 11 классташ мектептин тарыхы жөнүндө китеп да чыгарышкан. Мектептин имаратынын кире беришине Сары-Челек көлүнүн кооздугун чагылдырган сүрөттү илген 60 жылдыктар класстарга да кирип, окуучу кезин эстешти. Алар парталарга отуруп, сабак да окушкан.

Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашынын 2 бөлмөлүү үйүнүн курулушун бүтүрүп беришти.

Чоң-Алай районундагы мектепти 20 жана 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр көпүрө салып, мектептерге дарбаза орнотуп беришти. Алайчы уулу Саит жана А.Мурзакулов орто мектептеринин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 120 миң сом сарптап, мектепке дарбаза орнотушкан.

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Н.Примбердиев атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй куруп беришти. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Шайырбек Чотмоновдун айтымында, учурда 2 бөлмөлүү үйдүн курулушу толук бүттү. Бул үчүн 200 миң сомго жакын каражат жумшалган.

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошчу айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге чоң кубаныч тартуулашты. Алар айылдагы жардамга муктаж жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү үй куруп беришкен.

Классташтардын өкүлү Данияр Абдыкадыровдун айтымында, курулуш иштерине жалпы 300 миң сомдон ашык каражат жумшалган.

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Кеңеш айылындагы Жапар Ахматалиев атындагы орто мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга кичи футбол аянтчасын курушту. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Азизбек Өмүрзаковдун айтымында, футбол аянтчасын курууга 1 млн сомго жакын каражат жумшалган.

Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү мектепти 20 жыл, 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылдагы мектепке, бала бакчага видеокамера орнотуп, 4 мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Талас облусу

2015-жылы Бакай-Ата районунун Оро айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктагандар 7 баланы тарбиялаган жалгыз бой эне үчүн үй куруп беришкен.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири Нуркан Соорбекованын айтымында, алар акча чогултуп, 7 баланы жалгыз тарбиялаган Гүлбара Курманалиевага 4 бөлмөлүү үй куруп берүүнү чечишкен. Анын жолдошу Кабылбек Медетбеков эрте көз жумуп, артында 6 кызы жана кичинекей уулу калган болчу. Жубайынын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Ал эми эски үйү урап бара жаткан.

Жалпысынан 20 бүтүрүүчү каражат чогултуп, чет мамлекетте жашап жаткан бүтүрүүчүлөр акча салып жиберишкен. Үйдү жергиликтүү тургундар жана бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн күчү менен 1 жыл ичинде куруп, жаңы үйдүн ачкычын тапшырууда Г.Курманалиева ыраазычылыгын билдирген.

Үйдүн курулушуна 300 миң сом сарпталды.

2016-жылы Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебин 2006-жылы аяктаган жигиттер 2 балалуу жалгыз бой энеге турак үй куруп беришкен.

Жаңы 3 бөлмөлүү үйгө ээ болгон 35 жаштагы А.Акматалиева 3-топтогу майыптыгы боюнча каттоодо турат. Буга чейин жалгыз бой эне батирлеп жашап келген. Жаңы курулган үйгө А.Акматалиева балдары менен 6-августта көчүп кирген. Үйдүн ачкычын тапшыруу иш-чарасына райондун акими Канымет Осмонбеков катышып, кызыл тасмасын кескен болчу. Анын жүрүшүндө райадминистрациянын атынан бул демилгени көтөргөн жаштарга ыраазычылык кат тапшырылып, кожейкеге электр меши белекке берилген.

2017-жылы Манас районунун Май айылындагы орто мектебин 1996-жылы аяктагандар 20 жылдык кече уюштуруунун ордуна айылдын кире беришине арка куруп беришкен.

20 жыл мурунку бүтүрүүчү Муктарбек Тагайматовдун айтымында, Май айыл аймагы 2 чакан айылдан тургандыктан, көпчүлүк учурда айыл эски аталышы менен айтылып калат. Эми Май айыл аймагы деп жазылган арка орнотулду.

«Биз бул ишти кийинки жаштарга үлгү болсун деп жасап жатабыз. Кече өткөрүүнүн ордуна ички инфраструктуранын оңдолушуна жардам берүүнү туура көрдүк. Бул арканы тургузууга 200 миң сомдой каражат жумшалды», - деген М.Тагайматов.

Быйыл, 2018-жылы 25-майда Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арстанов атындагы орто мектепти 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр 8 үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, классташтар кийин сүтүн саап ичишсин деп 8 үй-бүлөгө бирден торпок алып беришти. Ошондой эле жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Баткен облусу
2016-жылы Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында жаңы типтеги отургучтар орнотулган. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Абдалин Токтошев билдирди. Анын айтымында, айылдын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан эл көп жерлерге отургучтарды орнотуу демилгеленген.
«Жалпы 4 жерге 8 жуп отургуч коюлду. Ошондой эле айыл тургундары үчүн футбол уюштурулуп, баш байгеге бука коюлган. Оюндун жыйынтыгында байгени 10 жылдык бүтүрүүчүлөр өздөрү утуп алышты», - деген Токтошев.

2016-жылы Кадамжай районунун Күлдү орто мектебин 2006-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр Күлдү айылына аялдама куруп беришкен. Маалыматка караганда, буга чейин айылда аялдама жок болчу.
«Мектептин имараты жаңы курулуп жаткандыгына байланыштуу керектүү материалдык-техникалык база жаңы алынат дешти. Андан улам аялдама куралы деген чечимге келдик. Анткени аялдама жоктугунан жүргүнчүлөр суукта үшүп, ысыкта салкын жай издеп калышчу. Аялдамага 40 миң сомдой каражат кетти. Биздин 10 жылдыктын эсебинен аялдама курулуп калганы элибизге жакшы болду», - деген 10 жылдык бүтүрүүчү Бактыгүл Мадалиева.
2017-жылы Баткен шаарындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке 30 миң сомго 5 тонна цемент алып беришкен.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбековдун айтымында, буга катар эле С.Айтматов атындагы орто мектебине 60 миң сомго 12 видеокамера койдурушкан. Ал эми Кызыл-Жол орто мектебине 85 миң сомго 8 видеокамера орнотулган.

«Кызыл-Жол башталгыч мектебине сыналгы жана DVD, Баткен облустук гимназия жатак мектебине 40 миң сомго 2 ноутбук белек кылышты», - деген ал.
Быйыл, 2018-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылында мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр аз камсыз үй-бүлөнүн үйүн толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, бул ишти аймактагы №4 жана №7 орто мектепти жана №9 гимназия мектебин 20 жыл мурун бүтүргөндөр колго алышкан.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Нарын облусу
Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү Көк-Ой айылында жайгашкан Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 5 жылдан бери чогула элек болчу. Мектепти 2008-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр быйыл 10 жылдыкка чогулуп, айылга белек кылышты.
Жолугушууну уюштуруучулардын бири Бакыт Зарылбековдун айтымында, айылдагы мечиттин айланасына тосмо орнотулуп, намаз окуганы чогулган жашоочуларга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Буга жалпы 180 миң сом каражат сарпталган. Ошондой эле мечиттин айланасы жарыктандырылып, айылдыктарга, 10 жылдыктардын ата-энелерине ооз ачтыруу иш-чарасы уюштурулду.
Көк*Ой
Көк-Ой
2017-жылы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектебин 30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр жалгыз бой эне Гүлкайыр Алиевага 3 бөлмөлүү үй куруп беришкен.

30 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Рысбек Кубанычбек уулунун айтымында, бүтүрүүчүлөр Гүлкайыр Алиева менен чогуу окушкан. Гүлкайыр 1970-жылы ушул айылда төрөлүп, бала кезден II топтогу майып. Буга чейин жалгыз бой эне жол боюндагы авариялык абалда турган 1 бөлмөлүү үйдө күн кечирип келген.

«Биз мектепти 1987-жылы бүткөнбүз. Бала кезден майып болуп төрөлгөн Гүлкайырга үй куруп, соопчулук иш кылалы дегенбиз. 30 жылдык мааракебизди өткөрүп, классташыбызга үй куруп бердик. Көпчүлүгүбүз жапа тырмак киришип, тез эле куруп койдук. Азыр 3 бөлмөлүү үйдө бардык шарты бар. Канча чыгым кеткенин деле эсепке алган жокпуз. Бирибиз чатырын, бирибиз кышын алсак, бирибиз ичин жасадык. Ушундай соопчулук иштерди көп жасап турсак жакшы болмок», - деди Р.Кубанычбек уулу.
2016-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр өздөрү окуп бүткөн мектепке унаа тартуулашкан.

Быйыл, 2018-жылы Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылындагы ат майданын мектепти мындан 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр оңдоп беришти.

«Биздин айылдагы мектепти 20 жыл мурда бүткөн балдар айылдагы ат майданды жаңыртып жасап берүүнү демилгелеп чыгышты. Учурда ат майдандын трибунасын жасап, чатырын жабуу алдында турушат. Ошондой эле ат майдандын тай казандарын жана анын айланасын дагы жасаганы турушат. Бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, оңдоого баш аягы 70-80 миң сомдой каражат жумшалыптыр.

Буга чейин биздин айылдагы 10 жылдык, 20 жылдык балдар айылдын кире беришине арка, кичи футболдук аянтча жана парктарды куруп беришкен», - деди Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Басылбеков.

2017-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүргөндөр айылдын көчөлөрүн жарыктандырышкан.

Бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, айылдын кире беришине жарык берүүчү 16 даана прожектор орнотушкан.

«Бизди окутуп, жакшы тарбия берген мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды билдирип, таазим кылабыз. Мектепти бүткөнүбүзгө 20 жыл болгондуктан айылдын көчөлөрүн, кире беришин жарыктандыруу ишин мойнубузга алып, жалпы 120 миң сомдун тегерегиндеги каражатка жарык берүүчү 16 даана прожектор орноттук», - деди алар.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Чүй облусу
Быйыл, 2018-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы мектепти 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге жардам катары уй сатып беришти. Классташтардын бири Эрнис Ишенбек уулунун айтымында, мындан тышкары айылдагы ички жолдордун аң-чөнөктөрүн жамап, оңдоп беришкен.
«Биз он жылдык мааракени жөн эле белгилеп койбой, элге да жардам берүүнү чечтик. Мындан 10 жыл мурун Аманкул Куттубаев атындагы орто мектептен билим алып чыкканбыз. Мектепти 10 бала жана 4 кыз аяктаганбыз. Ал убакта окуучу аз болгондуктан бир эле класс бар болчу. Учурда алардын айрымдары мамлекеттик кызматтарда иштеп, жеке ишкерлик менен алектенип, жашоодо өз ордун табышты. Азат Раимкулов аттуу классташыбыз циркте иштеп, учурда Америкада жүрөт», - деди ал.

Быйыл Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылындагы мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине 170 миӊ сомдук арка орнотушту. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Тимур Дикамбаевдин айтымында, мындан он жыл мурда мектепти 25 бала жана 15 кыз аяктаган.

«Быйыл биз мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл болду. Классташтарыбыз менен кеӊешип, айыл үчүн арка курууну чечтик. Арканын курулуш материалдарына эле 170 миң сом жумшалды. Ал эми аны орнотуу иштерин өзүбүз жасадык. Арканын бийиктиги 8 метрди түздү», - деди ал.


2017-жылы Чүй районундагы Прогресс атындагы орто мектептин мындан 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектепке интерактивдүү такта белек кылышкан.

«Биздин бүтүрүүчүлөр мектепке белек берүүнү салтка айландырып алышкан. Былтыр 20 жылдык бүтүрүүчүлөр китептерди беришсе, андан мурункулар музыкалык аспап алып беришкен. Быйыл 1987-жылы бүтүп кеткендер мектепке интерактивдүү такта белек кылышты», - деген мектептин директору Жаӊыл Дүйшенбиева.

6fee42da4484cf9f7ab7668e27f67cb6_500_0_0

------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Жалал-Абад облусу
Чаткал районунун Сумсар айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 1 кызды тарбиялап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй сатып беришти.

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Рустам Тойчиевдин айтымында, классташы турак үйгө муктаж болчу.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген классташыбыздын тилеген оорундаттык. Ал буга чейин башка бирөөнүн үйүндө жашачу. 90 миң сомго 2 бөлмөлүү үй сатып алып, ичин 60 миң сомго заманбап стилде жасап бердик. Айыл эли дагы марафон уюштуруп, андан 15 миң сом чогулду. Элден түшкөн каражатка керектүү буюмдарды алып беребиз», - деди Рустам Тойчиев.

Мындан тышкары, ушул эле Сумсар айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы эскилиги жеткен 5 көпүрөнү оңдошту. Алар 10 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна тургундар муктаж болгон көпүрөнү оңдоп берүүнү чечишкен.
Ошондой эле айылда спорттук мелдештерди уюштурушту.
Ала-Бука районунун Ак-Там айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ата айылындагы мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү жалгыз бой, 2-топтогу майып энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти.

Уюштуруучулардын айтымында, жалгыз бой Башарат Турдалиеванын 16 жылдан бери баш калкалар жери жок эле. Анын конушу болгону менен үй тургузууга чамасы жетпей келген.

«Бүгүн Башарат эненин кыялы орундалып отурат. Үйдүн ачкычын Рамазан айы аяктаганда, айт майрамында тапшырабыз. Азыр толугу менен бүткөрүү иштери уланууда», - дешти уюштуруучулар Бектур Ажимурат уулу менен Жумадил Исабаев.
Мектепти аяктаганына 10 жыл болгон Бектур Ажимурат уулунун айтымында, классташтардын мындай кадамга баруусуна айылдашынын катаал шарты түрткү болгон.
«№5 Чаңгулов атындагы орто мектепти аяктаганыбызга быйыл 10 жыл болду. Классташтар 10 жылдык майрамды шаан-шөөкөт кылып, ашыкча ысырапчылыкка жол бербейли деп, өзүбүздүн айылдашыбыз 1-топтогу майып Турдалиева Башарат эжеге жаңы турак үй куруп берүүнү чечтик. Эженин 2 кызы бар, алар да турмуш куруп кетишкен.
Эженин жер тилкеси бар экен, ошол жерге үйдүн пайдубалынан баштап куруп, азыркы учурда шыбактарын бүтүрүп, айнек, эшиктерин коюп койдук. Эми ички жасалгасы калды. Калган иштерине чет жакта иштеп жүргөн жаштар да көмөк көрсөтүшмөк болду», - дейт Б.Ажимурат уулу.
Кара-Көл шаарында Токтогул атындагы №1 мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке 8 килограммдык китеп белек кылышып, 100 миң сомдук кайрымдуулук иштерди жасашты.

Мектепти 1998-жылы бүтүргөн классташтар 40 миң сом каражатын «Мүрөк-к» кайрымдуулук фондунун өкүлүнө тапшырышты. Бул каражат аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жумшалмакчы.

Мындан сырткары, алар ден соолугунун абалына байланыштуу төшөктө жаткан класс жетекчисине, көзү өтүп кеткен классташтарынын балдарына жана операцияга муктаж эки классташына акчалай жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын китепканасына «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтик китебин жана 8 килограммдык «Манас» таануу илимине таандык китепти атайын буйрутма менен алдырышып, жалпысынан 20 миң сомдук китеп белек кылышты.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарындагы Ысык-Көл лицейинин 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке 1,3 млн сом акчалай белек беришти.

Иш-чарада республикалык жана дүйнөлүк олимпиаданын катышуучуларына, жеңүүлөрүнө жана быйыл бүтүрүп жаткан алдыңкы окуучуларга сертификаттар, белектер берилди.

Лицейди 10 жыл мурун аяктан бүтүрүүчүлөр лицейге акчалай 320 000 сом, ал эми 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 1 млн сом белек беришти.

Ак-Суу районунун Жолколот айылындагы мектептин 2008-жылкы бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине арка орнотушту.

Жолколот айылынын тургундары маалымдагандай, мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине арка орнотушкандан сырткары айыл ичинде футбол, көк бөрү оюндары боюнча мелдеш уюштурушту.

Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылына аялдама курулду. Аймактык кабарчы билдиргендей, аялдаманы айылдын 1981-жылы туулган тургундары орнотуп беришти.

Мектепти 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аны жашоочуларга жол жүргөнгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында курушкан. Аялдаманы курууга жалпы 50 миң сом жумшалды.

Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы мектептин 10 жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга арка жана оюн аянтчасын куруп беришти.

10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Талантбек уулу Урматтын айтымында, алар мааракени белгилөөдө айылга пайдалуу иш жасоону туура көрүшкөн.

«Биз 20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен биргеликте айылыбыздын өнүгүшүнө салым кошууну туура көрдүк. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Кызыл-Туу айылынын кире беришине арка орнотушту. Ага жалпы 80 миң сом каражат жумшалды. Ал эми 10 жылдык бүтүрүүчүлөр айыл ичине балдар ойноочу аянтча куруп бердик. Аянтчаны курууга жалпы 40 миң сом каражат кетти», - деди ал.

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы орто мектепти он жыл мурун бүтүргөн классташтар айылда спорттук мелдештерди уюштурушту.

«Мектепти бүтүргөнүбүзгө он жыл болуп, аны салтанаттуу белгилеп алдык. Анда ордо, волейбол, футбол оюндары боюнча мелдеш уюштуруп, уткан тайпаларга байгелерди тапшырдык» - деди классташтардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×