Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 28.05.2018 11:44 Жаңыланды: 28.05.2018 18:44

Жеңеке: Назира жеңе жолдошу экөө Токтогулдан Таласка көчүп келип, «баатыр ата-эне» болушту (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы Кундузбаева Назира жеңе 44 жашында «Баатыр эне» наамын алды. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Талантбек Тукеналиев экөө Таласка Токтогулдан көчүп келишкен.

«Жолдошум экөөбүз тең Токтогул районунда туулганбыз. Экөөбүз бир мектепте окуп, бир партада отурганбыз. Тагдыр буйруп 20 жашыбызда баш кошуп, 1996-жылы шартка жараша Талас шаарына көчүп келгенбиз.

Мектепте окуп жүргөндө жолдошума көңүл бурбаптырмын. Мектепти бүткөн соң орто кесиптик окуу жайда окудум. Мен бухгалтер жагын, жолдошум механика жагын бүттү. Ошол учурда сүйлөшө баштадык. Мен үйдө жалгыз кыз болуп, үй жумушун гана кылчумун. Турмушка чыккан соң жумуш ылгабай жасайсың. Анан жүгөрүнүн ичине кирип, башкалар таза чыкса дагы, менин бети-башым көө болуп чыкчу.

Жолдошум өтө жоопкерчиликтүү, камкор адам. Кечээ жакында эле «Баатыр эне» наамын алдым. Биринчи уулубузду 21 жашыбызда көрсөк, кенже кызыбызды 43 жашымда төрөдүм. Эгиз уулдарыбыз учурда 10-класста окушат. Өзүмдү бактылуу энемин деп эсептейм», - деди ал.

Ал буга катар эле Таласка келгенде 2001-жылга чейин соода-сатык менен алектенишкендигин кошумчалады.

«Токтогул менен Таластын бешбармагында айырмачылык бар. Мисалы Токтогулда камырды жайып, кесме кесебиз. Таласта камырды төрт бурчтук кылып кесип жасашат. Камырды абдан жакшы жасайм (күлүп). Конок тоскондо 15 субала камыр кылам. Үй-бүлөмө 3 субала камыр кылсам жетет. Кайын журтум, туугандарыбыз келсе дагы Таластын беш бармагы менен сыйлайбыз», - деди ал.

Назира жеңе 5 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×