Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 28.05.2018 10:50

Эгиздер: Таластык Перизаттын ордуна түгөйү Нуризат экзаменге киргенин эч ким байкаган эмес (фото)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 24 жаштагы Перизат менен Нуризат Алымкуловаларды мектептеги мугалимдер да алмаштырып алышчу. Аймактык кабарчы эгиздердин таржымалын укту.

Перизат бийкечтин айтымында, Нуризат турмушка чыгып, азыр балалуу болуу алдында турат. Учурда Талас мамлекеттик университетинин биология факультетинин 3-курсунун студенттери.

«Эгизим Нуризат экөөбүздүн ортобуздагы аралык 10 мүнөт. Кичинекей кезибизде аябай окшош болгонубуздан мектептеги агай-эжекелерибиз айырмалай албай калышчу. Бирок сүйлөшүп калганда байкап, айырмалап коюшчу. Нуризат аябай бышык, мен аябай назик, жоош кыз болчумун. Кичине кезибизде оюнчуктарды, кийим-кечелерди талашып эле уруша берчүбүз. Ошондуктан апам бизге окшош, бирок ар башка түстөгү кийимдерди, оюнчуктарды алып берчү. Өз алдыбызча урушуп, талашып жүрсөк дагы сырттан бири-бирибиздин таламыбызды талашып колдоо көрсөтчүбүз. Бири-бирибиз үчүн кыздар менен мушташкан да күндөр болгон.

Мектеп жашында кызыктуу окуялар көп болот эмеспи. Бир жолу кыргыз тили сабагынан сынакка катыша албай калып, Нуризат менин атымдан кирген. Курбуларыбыз эркелетип Нуризатты «Лоло», мени «Пепе» деп аташат», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×