Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 26.05.2018 12:00 Жаңыланды: 26.05.2018 16:47

Фото — Таластын губернатору, акимдер, мэр жана милициянын башчысы мектепте кандай окушкан?

Turmush -  Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектептерде 25-майда акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр уядан учушту. Бул күнү 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо үчүн ата-энелери, достору келишкен. Ошондой эле, мектепти мындан 10,20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр келип, эжей-агайлары менен жолугушту.

Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу Turmush басылмасынын кабарчылары мектепти бир топ жыл мурун аяктаган Талас облусундагы жетекчилер менен баарлашты.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев мектепти аяктагандан кийин 33 жылдан соң облус жетекчиси болуп дайындалган. Учурда ал жубайы Бактыгүл Мураталиева менен 3 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат.

Өзүнүн айтымында, ал Кара-Буура районунун Аманбаев айылында 1967-жылы туулган. Айылдагы Грозный орто мектебине 1-класска 1974-жылы барган.

«Биринчи мугалимим Мария Сатымкулова деген эжейим эле. Келечегиме жол көрсөткөн мугалимдеримдин бири Жумабек Кочорбаев агайым болду. Агайым биология сабагынан берчү. Мен биология жана химиядан жакшы окучумун. Бир күнү даярданбай барсам, Жумабек агайым: «Сенин агаң Москвада окуйт. Анын иниси да жакшы окушу керек» деп «5» коюп берген. Ошол күндөн тарта сабагына даярданбай барган күнүм болгон жок. Мектепте жалаң «5» деген баага окуган жокмун. Бирок «4», «5» деген бааларды алып, активдүү окуучулардын катарында элем.

Айылда эмгек лагери болуп, окуучулар кызылча жыйнап иштечүбүз. Мен бригадир болуп, 1 гектардан 100 тоннага чейин малдын тоюту үчүн деген кызылча алып, рекорд койгонбуз. Эмгек лагеринде жакшы тамак, табигый шире берип бакканы барыбызга жакчу. Айылда түрктөр, күрттөр, орустар көп жашачу. Биз аябай ынтымактуу болчубуз. Ошентип орто мектепти 1984-жылы аяктагам.

Мектепти аяктаган сон, 33 жылдан кийин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалдым. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм. Келечектери кең болуп, мамлекеттин керегине жараган инсандардан болушсун», - деди ал.

Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров мектепти аяктагандан кийин 21 жылдан соң районду жетектеген.

«Мен 1978-жылы Кара-Буура районунун Бакайыр айылында төрөлгөм. Өзүм 9 бир тууганмын: 8 эркек, 1 кыз. 11-классты Кара-Сай айылындагы Чалданбаев атындагы мектептен аяктадым. Окууну бүткөндөн кийин атам каза болуп калып, 2 жыл үйдө жүрүп калдым. 1995-жылы мамлекеттик муниципалдык кызмат адистиги боюнча билим алдым. Кийин Улуттук университеттен экономиканы башкаруу факультетин аяктадым.

Биз окуп жүргөндө тартип күчтүү болчу, мугалимдер окуучуларды бекем кармачу. Мектепте жакшы окудум, отличник болчумун. Азыр классташтарымдын баары айылда. Жолукканда окуучулук күндөрдү эстеп калабыз.

Быйыл мектепти аяктап жаткан окуучуларга ийгилик каалайм. Кесибин туура тандап, Кыргызстанга кызмат кылган чыгаан уул-кыздардан болушсун . Бүтүрүүчүлөргө албан ийгилик каалайм», - деди ал.

Аким 1 кыз, 1 баланын атасы.

Талас шаарынын мэри Айдар Жусупов мектепти аяктагандан кийин 32 жылдан соң мэр болуп дайындалган.

«Мен 1968-жылы Талас шаарында төрөлгөм. Жашоо шартка байланыштуу 1-класска 1975-жылы Кара-Буура районунун №1 мектебине кирдим. Орус мектепти «4» жана «5» деген баа менен аяктадым. Ата-энем тартипти катуу койгон адамдар болчу. Ошол үчүн сабактандан калбай, бейбаштык кылып, сабактан кашчу эмесмин. Мектепти 1985-жылы бүтүп, 1986-жылы Айыл чарба институнуна тапшыргам. 1987-1989-жылдары аскер кызматын өтөп келдим. Кийин кайра окуумду улантып, 1993-жылы институтту аяктадым. Алгачкы эмгек жолумду инженердиктен баштагам.

Окуучулук кыялдарым орундалып, шаардын башчысы болууга да жетиштим. 2017-жылдын март айынан бери Талас шаарынын мэри болуп иштеп келе жатам.

Жылда 25-майда окуучуларды куттуктап, мектепке барганда өзүмдүн окуучулук кезим эске түшөт. Азыркы бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалайм. Билимин өркүндөтүп, келечекте элге кызмат кылышсын.

Өзүмдүн балдарымдын алды студент, кичүүсү 1 жашта. Жубайым экөөбүз 3 уул, 2 кызды тарбиялап келе жатабыз», - деди ал.

Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов мектепти аяктагандан кийин 41 жылдан соң аким болуп дайындалган.

«Мен Кара-Буура районунун Бакайыр орто мектебинде окугам. Биздин класста 9 бала, 11 кыз окучу эле. Бизде ал кезде тартип катуу болчу. Экскурссияга да ата-энелерибиздин, мугалимдерибиздин уруксаты менен барчубуз. Акыркы коңгуроодо колхоздун унаасына отуруп алып, Манас атабыздын күмбөзүнө гана барчубуз. Ошол жерди көрүп, кайра келчүбүз. Ал убакта кафе, ашканалар жок болгондуктан жаныбызга айран, жумуртка сыяктуу тамактарды салып алчубуз. Ушундай майрамдарды биз 1 жыл күтчүк.

Мектепти 1977-жылы аяктадым. Биринчи мугалимим Орунбү деген эже болгон. Ал кезде окууга киргенге жашым жетпей калган, ошондо апама таарынып калсам, апам кайра башка класска которгон эле.

Мектепти бүткөндөн кийин 41 жылдан соң аким болуп дайындалдым. Быйыл мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө ак жол, ийгилик каалайм», - деди ал.

Талас районунун акими Бакыт Нуржанов мектепти аяктагандан кийин 26 жылдан соң аким болгон.

«Талас шаарында чоноюп, №2 мектепти 1989-жылы ийгиликтүү аяктагам. 8-классты бүтүп, медициналык окуу жайга тапшыргам. Ал жакты кызыл диплом менен аяктадым. Андан соң И.Арабаев атындагы университетинин психология адистигин бүтүргөм. 2015-жылдын 18-декабрдан тарта ушул учурга чейин Талас районунун акими болуп иштейм.

Окуучулук кезимде класста староста болчумун. Биринчи мугалимим Пашенцева Екетерина Ардреевна деген эже эле. Андан соң Наталья Игоровна деген эжекебиз класс жетекчи болду. Учурда ал эже Россияда эмгектенет. Өзүм дилгир, орто окучумун. Орус тили жана адабиятын жана биология сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Орус тилинен диктантты бир да ката кетирбей жазчумун. Классыбызда 30дай окуучу болсо, анын 5-6 окуучусу отличник эле.

Мектеп жашында ар бир балада сүйүү сезимдери болот эмеспи. Менде да ошондой сезимдер болгон. Жакшы көргөн кызыма кат жазып, сабак бүткөндөн кийин үйүнө узатып барчумун. Бир жолу ата-энемден пирожкиге деп алган акчалардан үнөмдөп жатып, ал кызга белек бергеним эсимде.

Азыркы бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалайм», - деди ал.

Аким 1 кыз, 4 уулдун ата-энеси.

Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Алмазбек Жумабеков мектепти аяктагандан кийин 30 жылдан соң аталган кызматка келген.

Өзүнүн айтымында, жубайы Дамира Жумабекова экөө 3 кыз, 2 уулдун ата-энеси. 2 кенже кызы мектепте окуйт.

«Мен Кара-Буура районунун Сатыкей айылында туулгам. Айылдагы 3 жылдык Куру-Суу орто мектебине 1-класска 1978-жылы баргам. Биринчи мугалимим Рысбек Стамбеков агайым эле. Ал киши биздин үй-бүлөдө 3 муунду - менин атамды, мени жана бир тууган агамдын уулун да окутту. Агайым 96 жашында көз жумду.

3 жылдык мектепте 2 гана бөлмө болчу. 1-класста досканы экиге бөлүп, агайыбыз 1-2-классты кошуп окутчу. 4-класстан 8-класска чейин 3 чакырым жол басып барып, окуп келчүбүз.

Мектепте окуган окуучулар тамеки терип иштечүбүз. Ал жактан эсте калаарлык көп учурлар болду. 7-классымда балдар менен тамеки терип жүрүп, ойноп кетип калдык. Менин атам бригадир болчу. Келип тамекини таразага тартып, планды аткаргандыгыбызды текшеришчү. Атамдын унаасын көргөндө эле эмне кылаарыбызды билбей, иштеп жаткан жеңелерибиздин чогултуп койгон тамекилерин уурдап, таразадан өткөнбүз. Кийин жеңелер өздөрү терген тамекилерин таанып, биздин кылыкты билип коюшкан. Мен болсо атамдын билбей калганына сүйүнгөм.

Бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайм. Тилектерине жетишип, бактылуу адамдардан болушсун. Арабызда Ата-Мекенди коргоочулар көбөйсүн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×