Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Жеңеке: Окуучу кезинен тарта комузга байланган Асел Абылгазиева кайын атасынын көзүнчө бир да жолу күү черткен эмес

Turmush -  Талас шаарынын 42 жаштагы тургуну Асел Абылгазиева 21 жылдан бери балдарга комуз үйрөтөт. Өзүнүн айтымында, Талас районунун Каракол айылынын кызы. Ал эми Талас районунун Кара-Суу айылына келин болуп келген.

«Мектепти 1993-жылы аяктагам. Мектепте окуп жүргөндө эле Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде комуз бөлүмүндө 5 жыл окугам. 1993-жылы М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын комуз бөлүмүнө кабыл алынып, аны 1997-жылы аяктадым. Ошол жылдан бери Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде эмгектенем.

Комузга болгон кызыгуум кичинемден эле башталган. Үйдө атам да комуз ойночу эле. Эжем дагы комузду эрте үйрөнүп, мен ага атаандашып жатып үйрөнүп баштагам. Үйдөгүлөр мактаган сайын күчтөнүп, такшалдым», - деди комузчу.

Комузчу мугалим балдардын арасында көптөгөн кызыктуу окуяларга да туш болот.

«Балдардын кыялдары, кабыл алуусу ар кандай болот. Окуучуларымдын ичинде тырышып отуруп тез арада үйрөнгөндөрү да бар. Көбүнчө нотадан кыйналышат. Шашып жатканда "Маш ботой" күүсүн "Шаш ботой" деп, "Чер-Өзөн" күүсүн "Кер-Өзөн" деп айтып алып, кайра өздөрү күлүшөт.

Мэриянын алдындагы эл аспаптар ансамблинде комузда ойнойм.Топко жуурулуп күү чертүү кыйла кыйын. Ал эми жалгыз чыкканда өзүң каалагандай нотада ойнойсуң», - деди мугалим.

Таланттуу жеңе 2002-жылы үй-бүлө курган.

«Жолдошум түшүнүктүү, токтоо мүнөз адам. Концертке даярданабыз деп түн жарымында үйгө келген күндөр да болот. Андай учурда өзү жеткирип, аяктагыча күтүп туруп, үйгө алып кетет. Гастролго кеткенде узатып, балдарыбызды өзү карап калат. Учурда 1 уул, 1 кыздын ата-энесибиз. Уулубуз дагы, кызыбыз дагы комузда ойношот. Кайын энем болсо "менин келиним комузчу" деп мактап турат. Ал эми кайын атамдан уялып тургандыктан, көзү өткөнчө менин комузда ойногонумду көргөн жок», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1386
Көп окулду
×