Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 23.05.2018 13:17

Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун куруп жаткандар иш ташташты (фото)

Turmush -  Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун 3-фазасында иштеп жаткан жол куруучулар иш ташташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жол куруучулардын айтымында, алар акыркы 6 күндөн бери жумушка чыгыша элек.

«2015-жылдан бери Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун 3-фазасында иштеп, жол курдук. Башынан бери эле айлык маянаны убагында төлөбөй, кечиктирип берип жатышат. 4 айдан бери маяна ала элекпиз. Былтыр жалпы жол курулушунда 200дөн ашык жумушчу иштедик. Быйыл тротуар жасап 50 жумушчу иштеп жаткан. 4 айдан бери айлыгын албаган соң, 6 күндөн бери жумушка чыгыша элек.

Жумуш 2017-жылдын 26-августунда бүтмөк. Каражат которулбай, иштер 2017-жылдын декабрь айына жылдырылган. Анда дагы каражат убагында берилбей, аба ырайы да таасир этип, 2018-жылдын июнь айынын аягына чейин мөөнөт берилген. Учурда каражат берилбей, иш дагы токтоп турат», - деди «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКнын жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×