Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 21.05.2018 20:15

Таласта мыйзамсыз балык уулаган адамдар кармалды

Turmush -  Талас облусундагы мамлекеттик «Беш-Таш» жаратылыш паркында мыйзамсыз балык уулаган адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлери балыктардын корун коргоо жана браконьерчиликти азайтуу максатында рейд өткөрүшкөн. Анын алкагында Беш-Таш суусунун боюнан мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагаздары жок балык уулаган бир нече адам кармалды. Алардын айрымдары инспекторлордун талаптарына баш ийбей каршылык көрсөткөн учурлар дагы катталды. Аларга карата мыйзамдын чегинде протоколдор түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×