Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 21.05.2018 15:47

Жубайлар: Токтогул ата Жамийла апа менен таанышкандан кийин 1 жумадан кийин эле баш кошкон (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын тургундары Токтогул Тойматов ата жана Жамийла Тойматова апа 48 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жамийла апа: Мен Чүй облусунун Москва районунун кызымын. 1969-жылы Талас шаарындагы медициналык колледжге тапшырдым. Турмушка 19 жашымда, 2-курсту окуп жатканда чыктым. 9-май күнү тайпалаш балабызды курбу кыздар менен келип аскерге узатмай болдук. Ошондо тайпалаш балабызды узатуу үчүн анын бөлөсү Токтогул да келди. Экөөбүз алгач ошол жактан таанышканбыз. Андан кийин жолдошум киного, концертке чакыра баштады.

Бир күнү тайпалаштар болуп чогуу Беш-Ташка эс алууга чыктык. Биз менен Токтогул дагы бара турган болду. Ошондо Беш-Таштан келе жатканда Токтогул мени үйүнө алып калды. Кайын энем жоолук салып отургузуп койду. Ошентип 1970-жылы таанышканыбыздан 1 жума эле өткөн соң Козучак айылына келин болуп калдым.

Таласта окуп жүргөндүктөн Таластын жашоосуна көнүп деле калгам. Кайын энем «алыс жердин кызы» деп жакшы кабыл алды. Ата-энем бул жакка турмушка чыкканымды укканда көп деле таң калышкан жок. Анткени Таласта окуп жаткандан кийин Таласка эле келин болот деп ойлошчу (күлүп).

Токтогул ата: Экөөбүз 3 кыз, 1 уулдуу болдук. Жубайымды бир көргөндө эле жактырып калгам. Сулуулугу, назиктиги, тазалыгы, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, тамашакөй мүнөзүн жактырдым. Аны жоготуп алуудан коркуп, тоодон эс алуудан келгенден кийин эле үйгө киргизип, апама ак жоолугун салдыртып отургузуп койдум. Жамийла студент кезинде турмушка чыкты. Окуусун турмушка чыккандан кийин 1 жылдан соң аяктады. Мен Талас автобазасында 42 жыл айдоочу болуп иштедим. Түнү менен жолдо жүрүп калган учурлар болот. Тажикстан, Казакстанга автобус айдап чыгып кетебиз. Жубайым болсо Талас облустук ооруканасында бир аз убакыт иштеген соң иш үй кожойкеси болуп үйдө отуруп калды. Бири-бирибизге күч болдук. Жумушка дайыма кийимимди таза кылып, курсагымды тойгузуп узатчу. Келгенде кайра ысык тамагы менен тосуп алчу. Жубайым экөөбүз турмуштун оор-жеңилин бирге көтөрүп, 48 жыл өмүр сүрүптүрбүз.

Жубайлар 3 кыз, 1 уулунан 13 небере, 1 чөбөрөлүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×