Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Энелер күнүндө Талас облусунда 13 ымыркай төрөлдү

Turmush -  Таласта 20-май — Энелер күнүндө 13 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалым болгондой, Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканада 6 ымыркай: 3 кыз, 3 уул төрөлгөн. Манас районундагы ооруканада 1 кыз төрөлсө, Талас районунда ымыркай төрөлгөн жок. Кара-Буура райондук ооруканасында 1 уул төрөлдү. Ал эми Бакай-Ата райондук ооруканасында 5 ымыркай: 3 кыз, 2 уул жарык дүйнөгө келди.

Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Талас облусунда «Баатыр эне» орденин алгандардын саны 603 адам болгон. «Эне даңкы» медалын алгандардын саны 276 адамга жетти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Көп окулду
×