Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 19.05.2018 12:16 На русском

Энелер: Таласта мамлекеттик кызматта иштеген энелер кимдер?

Turmush -  20-майда Кыргызстанда Энелер күнү белгиленет. Ар бир аймакта «Баатыр энелер» сыйланып, белектер тапшырылууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Талас облусунда мамлекеттик кызматтарда иштеген, үйдө энелик милдетти аркалап келе жаткан айымдардан кабар алды.

Айжамал Шамбетова Бакай-Ата районунун акиминин орун басары. 1 кыз, 2 уулдун апасы.

«Улуу балдарым Айза менен Адилет, эгиздер. Азыр 17 жашта, мектепте жогорку класстын окуучулары. Аларды 26 жашымда көрдүм. Кенже уулум Улукбек 14 жашка чыкты. Аны 28 жашымда төрөдүм. Ар бир эне балдарынын аман-эсен чоңоюп, ыймандуу, ырыстуу, адамкерчиликтүү болушун каалайт. Бардык энелерди, алардын ичинен өзүмдүн апамды Энелер күнү менен куттуктайм», - деди ал.

Азият Жаркыналиева өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

«Менин Бактыгүл аттуу кызым бар. 32 жашымда эне болдум. Кызым учурда 29 жашта. Үй-бүлөлү 1 кыздын апасы. Кызым элине ак кызмат кылган элдин кызы болсун деп тиленем. 2 дипломдун ээси. Жалпы эле энелердин тилеги — тынчтык. Балдарынын, эл-журттун амандыгы. Ар бир эне баласынын бактылуулугун көргүсү келет. Мен да кызыма, небереме бардык жакшылыктарды каалайм», - деди ал.

1

Салкын Карбозова Кара-Буура районунун акиминин орун басары.

«24 жашымда эне болдум. Кичинемди 31 жашымда төрөдүм. 2 кызым жогорку окуу жайларын бүткөн. 1 жээн неберем бар. Кенже уулум 20 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде студент. Балдарым кичипейил, адамгерчиликтүү, эмгекчил болсо экен деп тилейм. Турмашта өз орду бар, мыкты кеситин ээси болушсун», - деди ал.

Гүлнара Садырова Манас районунун акиминин орун басары.

«Мен 28 жашта эне болгом. 2 уул, 1 кызым бар. Кичинекей кызым Асылай азыр 10 жашта. Улуу балам Семетей иштейт. Кесиби геолог. Былтыр үйлөнгөн. Экинчи балам Эрнур студент. Балдарым бактылуу болушсун, ден-соолуктары бекем, өмүрлөрү узун болсун. Келечекте мыкты инсандардан болуп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошсун», - деди ал.

Динара Баялиева Талас районунун акиминин орун басары.

«Мен биринчи жолу 25 жашым кыздуу болгом. Аны төлбашым депкоем. Эң кенже кызымды 35 жашымда төрөдүм. Учурда 3 кыздын, 4 неберенин апасымын. 3 кызым менин канатым, келечегим, сыймыгым. Алар менин калтыруучу изим деп ойлойм. Улуу кызым Алия 34, ортончу кызым Дарика 32, кенже кызым Бурул 24 жашта. Кыздарыма энелик бакыт каалайм. 3 кызым тең жогорку билимдүү. 2 кызым үй-бүлөлүү. Мен бактылуу энемин», - деди ал.

Динара Сарногоева Талас ОИИБдин басма сөз катчысы.

«Мен 21 жашымда биринчи жолу эне бодум. Андан кийин 2 жылдан соң уулдуу болдум. Дүйнөдөгү эң бактылуу сезимдердин бири — өз балаңды бооруңа кысып, ак сүтүңдү эмгизүү.

Азыр кызым 13, уулум 11 жашта. Экөө тең Талас шаардык №3 мектеп-гимназиянын алдыңкы окуучулары. Ар дайым алардын класс жетекчилеринен жана мугалимдеринин ыраазычыктарын алып жүрөм. Бул ар бир эне үчүн өтө маанилүү. Эне болуу деле оңой эмес. Себеби аларга тарбия берип, мүнөзүнүн, аң-сезимининин калыптанышы үчүн тынымсыз аракет кыласың. Кыргызда «энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт» деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары балдар уядан эмнени көрсө, сырттан да ошону кылат. Балдарга жакшы тарбия берүү эненин милдети.

Балдарым менин келечегим, бакытым, Кудайдын атасы экөөбүзгө берген белеги. Дегеле алар үчүн кудайга чексиз ыраазымын. Алар келечекте элдин керегине жараган, акылдуу, ыймандуу, жакындарына кайрымдуу болгон, бардык жактан күчтүү инсандар болсо экен деп тиленем», - деди ал.

Самара Жарманбетова Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы мектептин директору.

«Мен 22 жашымда эне болгом. Балдарымдын эң кичүүсү 26 жашымда төрөлгөн. Кызымдын аты Феруза. Учурда «Мегаком» компаниясында иштейт. Уулумдун аты Нурсултан, азыркы убакта сотто иштеп жатат. Уулум менен кызыма чың ден соолук, жаркын маанай каалайм. Жашоолорунда түйшүктөрү аз болуп, куунак күндөрү көп болуп, ойлогон тилектери ишке ашсын деп тилейм. Балдарым бар учун бактылуумун», - деди ал.

Айгүл Батырбекова Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы.

«3 балам бар. Биринчи кызымды 23 жашымда төрөдүм. Улуу кызым Адина 27, кенже уулум 13 жашта. Уулу балам Радин 25 жашта. Жогорку окуу жайын аяктап, учурда иштеп жатат. Келиним Нуркыз экөө Бишкек шаарында турушат.

Менин жашоомдун маңызы болгон балдарыма бекем ден соолук каалайм. Уулдарым боорукер, мээримдүү, ыймандуу. Аллах ошол жакшы сыпаттарын көбөйтүп, береке-куттан кем кылбасын. Келечектерин кең кылып, максаттарынын орундалышын каалайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×