Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 18.05.2018 13:10

Таласта студенттердин иш табуусуна мүмкүнчүлүк берген жармаңке өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Талас мамлекеттик университетинде «Бош орундар» жармаңкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов билдирди.

Анын айтымында, окуу жай көбүнчө педагогика багыты боюнча адистерди даярдайт.

«Ошондуктан иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн мектептер түзөт. Ошону менен бирге биз башка адистиктерди да даярдап келебиз. Мисалы экономика багытын алсак болот. Жармаңкеге банктардын, почталардын өкүлдөрү да келишти. Жалпы иш берүүчү 50гө жакын мекемелер катышып жатат. «Бош орундар» жармаңкесинин негизги максаты — бүтүрүүчүлөр үчүн түз байланышуу аркылуу иш табуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Иш берүүчүлөр кесипкөйлөрдү маектешүүнүн негизинде тандап алышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×