Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 18.05.2018 12:04

Таластагы ата-энелер окуучулардын бүтүрүү кечесин болтурбоо чечимин кабыл алышты

Turmush -  Кечээ, 17-майда Талас шаарында жогорку класстардын бүтүрүү кечесин уюштурбоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Чыңгыз Чалов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын ата-энелеринин жыйыны өттү. Талас шаарында жалпы 9 мектеп, чет тилдер багытындагы 1 лицей бар.

«Талас шаардык мэриясы менен биргеликте мектептеги бүтүрүүчү окуучулардын ата-энелерине жыйын кылдык.Жыйынга 250дөй ата-эне, мектеп мүдүрлөрү катышты. Анда 25-май күнү, 25-июнь күнү мектепти аяктап жаткан окуучулардын бүтүрүүчү кечесин жана жаратылышка эс алууга чыгуусун болтурбоого макулдуктарын беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×