Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 14.05.2018 10:12

Талас шаарына 35 миң даана гүл отургузулуп жатат

Turmush -  Быйыл Талас шаарына 35 миң даана гүл тигилүүдө. Бул тууралуу Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, гүлдөр Бердике баатыр, А.Оторбаев, И.Сарыгулов көчөлөрүнө, Баатырлар паркына, Нуржанов аллеясына отургузулат.

«Көчөттөр өзүбүздүн Талас шаарынын коммуналдык чарба бөлүмүндө өстүрүлдү. Өстүрүү, отургузуу иштерине жалпы 190 миң сом бөлүнгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×