Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 11.05.2018 16:18

«Манас Ордо» комплексинин кызматкерлери байыркы мезгилде сүрөттөр чегилген таштарды изилдеп келишти (фото)

Turmush -  «Манас Ордо» комплексинин кызматкерлери Талас районундагы Кең-Кол өзөнүнүн Молор тоо кыркаларынан таш бетине байыркы мезгилдерде тартылган сүрөттөрдү иликтеп келишти. Бул тууралуу музейдин улук илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, комплекстин музейинин кызматкерлери аталган аймакка экспедицияга чыгышкан. Аска бетиндеги сүрөттөрдүн тең жарымы тоо текелер, аркар-кулжалар, өгүздөр, бугулар, төөлөр жана үй жаныбарлары. Арасында сейрек кездешүүчү сүрөттөр да бар. Уруу белгилери, жаа кармаган мергенчи, чоң көлөмдүү чегилген өгүздөр, ритуалдык оюн-зоок көрүнүштөрү, араба тарткан өгүздөр, аңчылык көрүнүштөрү жана чийме ыкма менен тартылган сүрөттөр кызыгууну жаратат.

Изилдөө учурунда кээ бир сүрөттөрдүн көрүнбөй өчүп бара жатканы жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан сүрөттөр одоно түрдө бузулуп, мурунку чегилген сүрөттөрдүн үстүнө ысымдары түшүрүлө баштагандыгы такталды.

«Мындай көрүнүштөрдү токтотуу максатында жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бабаларыбыздан калган эстеликтерди сактоо, коргоо ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Экспедициянын жыйынтыгында музейге 450 сүрөт көчүрмөсү жана бетинде сүрөт чегилген ташты алып келдик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×