Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Жаш талант: 18 жаштагы М.Асикеев грек-рим күрөшү боюнча чет мамлекеттердеги мелдештерге катышууда (фото)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 18 жаштагы Марлен Асикеев кичине кезинен бери грек-рим күрөшү менен машыгып, чет мамлекеттерге барып, мелдештерге катышууда. Аймактык кабарчы балбан жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайында билим алууда.

«Ахмедов Майрамбек агайдын окуучусу болом. Күрөш менен 4-класс кезимден бери машыгып келем. Күрөшкө катышып калганыма чоң атам түрткү болгон. Спорт мектебине өткөргөн дагы чоң атам десем болот. 2015-жылы Босния Герцеговинада өткөн дүйнөлүк чемпионатка катыштым. Тилекке каршы 8 кг жакын салмак түшүрүп, анын үстүнө жашыраак болуп утулуп калдым. 2017-жылы Таиландда өткөн Азия чемпионатында 3-орунга ээ болгом. Ошол эле жылы Кыргызстанда кадеттер арасында өткөн чемпионатта 1-орунду ээлегем. Былтыркы жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду.
Кудай буйруса олимпиададан алтын медаль алсам деген максатым бар. Азыр 63 кг салмакта күрөшүп жатам. Машыктыруучум Ахмедов Майрамбек агайга ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 616
Көп окулду
×