Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Талас облусу, Талас 04.05.2018 13:12

Таласта Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата веложарыш уюштурулду

Turmush -  Талас шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата веложарыш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, веложарышка катышуучуларга чектөө киргизилген жок. Ага Талас мамлекеттик университетинин жана башка окуу жайлардын студенттери катышты. Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды ээлегендерге кызыктыруучу белектер тапшырылды. Иш-чара Талас шаардык мериясы тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×