Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 28.04.2018 13:30

Таласта студенттер менен мугалимдердин спартакиадасы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 28-апрелде Талас шаарынын стадионунда Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен мугалимдеринин арасында спартакиада өтүп жатат. Бул тууралуу университеттин проректору Самат Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, спартакиада Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата өтүп жатат. Бүгүн жеңил атлетика жана этно оюндар боюнча таймаштар өтөт. Кечээ тогуз коргоол жана ордо боюнча мелдештер өткөн. Бүгүн чуркоо, кол күрөш, жаа атуу, күрөш жана башка ушул сыяктуу оюндардын түрлөрү боюнча таймаштар өтөт. Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана акчалай байгелер менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×