Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 25.04.2018 14:19

Таласта ордо боюнча облустук спартакиада өттү

Turmush -  Кечээ, 24-апрелде Талас шаарында ордо оюну боюнча облустук спартакиада өттү. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун жана Талас шаарынын курама командалары катышты. Командаларда 8 оюнчу, 1 машыктыруучу болду.

Жыйынтык:

- 1-орунду — Талас району;

- 2-орунду — Кара-Буура району;

- 3-орунду — Талас шаары ээледи.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×