Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Талас

Эгиздер: Таластык Адылкан менен Мырзаканды мугалимдери алмаштырып урушуп алышат (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылында чоңоюшкан 18 жаштагы эгиздер Адылкан менен Мырзакан Молдобековдорду мугалимдери алмаштырып урушуп алышат. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

Адылкандын айтымында, экөө тең волейбол менен машыгат. Өзү Мырзакандан 5 мүнөткө эрте төрөлгөн.

«Эгизим экөөбүздү көп учурда алмаштырып алышат. Машыктыруучубуз дагы формаларыбыздын номурунан айырмалап чакырат. Окшош болуп алсак айырмалай албай калат. Кээде адаштырып алып, «сен кимсиң?» деп сураган учурлар көп эле кездешет. Ал эми ата-энелерибиз айырмалай алат. Бирок башка туугандарыбыз көп адаштырышат.

Эгизим Мырзакан бир аз толугураак, ошондон айырмабыз билинет. Мырзакандын мүнөзү катуураак болсо, мен ак көңүл жана ачыкмын. Дарыгерлер апама «эгиз төрөйсүң» дегенде, ата-энем «Кыргызстанга дагы 2 жоокер кошулат турбайбы, элдин сыймыгы болсо экен» деп сүйүнгөн экен. Көбүнчө бул жаңылыкка чоң атам сүйүнүптүр.

Мектептен волейбол ойнойбуз. 2017-жылы волейбол боюнча райондук, облустук мелдештерди утуп, республикалык мелдешке катышууга жолдомо алдык. Буйруса 8-майда республикалык спартакиадага катышабыз. Быйыл бүтүрүүчү класста окуп жатабыз. Мугалимдерибиз бизди жакшы айырмалай алышпайт. Бир жолу орус тил сабагынан үй тапшырмасын аткарбай баргам. Мугалим менин ордума Мырзаканды урушуп кирди. Алмаштырып урушуп алган учурлар кээде болуп турат (күлүп).

Мектепти аяктасак мен ИИМдин Академиясында билим алсам деп ойлонуп жатам. Мырзакан болсо «Медициналык академияга» барам деп жатат. Экөөбүз ынтымактуубуз, жумуштарды бөлүштүрүп алып бат эле жасап салабыз. Бири-бирибизге дайыма колдоо көрсөтүп турабыз», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1239
Көп окулду
×