Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 25.04.2018 10:09

Таласта милиция кызматкерлеринин күрөш боюнча мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-апрелде Талас шаарында милициянын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза болгон милиционер Эдил Байсаловдун жаркын элесине арналып уюштурулган. Ага 8 команда катышып, мыктылары республикалык турнирге жолдомо алышты.

«Бул турнирге 62 кг баштап, 100 кг ашык салмактагы балбандар катышты. Жалпы командалык жыйынтык боюнча 1-орунду Талас облустук ички иштер башкармалыгы, 2-орунду Талас районунун ички иштер бөлүмү, 3-орунду күзөт кызматкерлери алды. Мелдештин жалпы байге фонду 12 миң сом болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×