Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Жубайлар: А.Телгараев жубайы Ж.Сапарбекованы «торпогум» деп эркелетет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Адилет Телгараев жубайы Жылдыз Сапарбекованы «торпогум» деп эркелетет. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жолдошу: Мен Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын кулуну болом. Учурда Талас шаарынын тургунумун. Келинчегим экөөбүз 2016-жылы Талас мамлекеттик университетине юриспруденция факультетине окууга тапшырып, бир тайпада чогуу окуп калдык. 1-сентябрь күнү бир көрүп эле жактырып калдым. Анан айта албай, убакыт өтө берип 15-сентябрь куну чыдабай WhatsApp аркылуу сүйүүмдү айттым. Эртеси жолугуп, бири-бирибизди жактырып сүйлөшүп калдык. Сүйлөшүп жүргөндө кызганып жанынан чыкпайт элем. Кээде сабактан чогуу качып кетчүбүз. Биздин жолугушчу жерибиз чоң стадион болчу. Кээде мен сабактан качып чыгып стадионго барып отурсам артыман ал дагы качып келип калчу. Сүйлөшүп жүрүп ортодо таарынычтар да болот экен. Бирок бири-бирибизди аябай жакшы көргөндүктөн бардык тоскоолдуктарды бирге жеңдик.

2016-жылдын 18-декабрь күнү үйлөнүү тоюбузду өткөрдүк. Келинчегим жаңы турмуш жолуна бат эле көнүп кетти. Башында келген коноктордун баарына жүгүнүп жүрүп, бир күнү эшиктен кирип келсем мага да жүгүнүп алып аябай күлгөнбүз. Жаңы үйлөнгөн кезде аябай ойночубуз кубалашып. Мен «торпогум» деп эркелетип тийишсем аябай чычалачу. 2017-жылдын 22-ноябрь кыздуу болду. Кызыбыздын атын ата-энебиз Санира деп коюшту. Учурда келинчегим үйдө кызыбыз менен алек. Өзүм болсо Ички иштер иинистирлигине ишке кирдим. Милициянын орто мектебин ийгиликтүү аяктап, азыркы учурда Талас ОИИБде иштеп жатам. Келечекте мыкты тергөөчү болууну кыялданам.

Жубайы: Мен Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын кызы болом. Биз 2016-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин сүйлөштүк. Анан экөөбүз тең ата-энебизге баш кошуу тууралуу оюбузду айттык. Алар шыр эле макулдугун беришти. Той болгон күнү күн жылуу болсо экен деп тиленсек ал күнү жомоктогудай кар жаап берди. Учурда үйдүн кожейкеси катары кызымды тарбиялоо менен алекмин.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2000
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×