Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусу, Талас 23.04.2018 11:08

Таласта жеңил атлетика боюнча республикалык мелдеш өттү

Turmush -  Талас шаарында «СССРдин спортунун чебери», СССР элдеринин V спартакиадасынын коло байгесинин ээси Анатай Ибраимовдун байгеси үчүн женил атлетика боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш КРнын жеңил атлетика федерациясынын демилгеси менен уюштурулду. Талас облустук жаштар иштери жана спорт башкармалыгы 8000 сомго 10 кубок алып берди. Кайыңды айыл өкмөтү 2000 сом жардам көрсөттү. Мелдешке Талас, Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун Бишкек шаарынын, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын 200гө жакын жөө күлүктөрү катышты. 60 жашка чейинкилер өзүнчө, 60 жаштан жогоркулар өзүнчө чуркашты. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу байгелер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×