Turmush — Түркиялык 30 жаштагы Кенан Ширин таластык 27 жаштагы Валерий кызы Айзага баш кошуп, учурда Таласта эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.
Өздөрүнүн айтымында, учурда Түркиядан кийим-кече алып келип сатып, атайын дүкөн иштетип жатышат. Эгер иш жакшы жүрүшсө Таласта узак убакытка калууну пландап жатышат.
- Айза айым, кыргыз элинин түрк күйөө баласы менен кантип таанышып калдыңыз?
- Жолдошум Анкара шаарында чоңойгон. Өзүм Түркияда окуп иштеп, 5-6 жылдан бери барып-келип ошол жактамын. Өзүмдүн интернет дүкөнүм бар. Ар жума сайын кардарлардын буйрутмасын жөнөтүп турам. Жолдошум ошол товар жөнөтчү фирмада кабыл алуу бөлүмүндө иштейт. Биринчи барганда менин аты-жөнүмдү жазып жатып кекечтенип сүйлөп, аябай сүрдөгөн. Бул бала кекеч окшойт, бирок мындай кекечтерди жумушка албайт эле да деп өзүмчө ойлонуп койгом. Ошентип 3 жыл товар жөнөтүп иштеп, көп көрүшчүбүз. Менин дарегим, телефон номурум фирмада катталуу болсо да мага бир жолу да таанышуу тууралуу сөз айткан эмес. Кийин Кыргызстанга кетеримде иштешкендер менен коштоштум. Ошол күнү мени кечки тамакка чакырып смс-кат жазды. Мен алгач кабыл алган жокмун. Дарегимди алып, күндө үйгө гүл жөнөтүп жатып, жүрөгүмдү багындыра баштады. Кийин бирге тамактанууга чыга баштадык. Кийин үйүндөгүлөр менен тааныштырды. Алар да мага «ата-энеңден алыста жүрөсүң» деп мени өз кызындай көрүп, жакшы мамиле кылышты. Ошол күнү эле мага билдирбестен туугандарынын улуулары үйгө келе баштады. Алар мени келин кылууну каалаганын айтышты. Мен эмне деп айтарымды билбей, көпкө чейин кыйналып жүрдүм.
- Түрк жигитине турмушка чыгуу чечимиңизди ата-энеңиз кандай кабыл алды?
- Макул болгондон кийин биринчи апама айттым. Апам аябай каршы болду. Бирок апам акыры үйдөгүлөрдүн бардыгына угузуп, макулдуктарын алып берген. Менин көңүлүмдү калтыргысы келген жок, ичтеринен кейип турушканын билип турдум.
- Кайсы жылы баш коштуңуздар?
- 2017-жылы 16-мартта таанышып, ошол эле жылы 19-майда үйлөндүк.
- Каада-салттан кыйналган учурлар болдубу? Окшоштуктар бар бекен?
- Биздегидей болуп каада-салтка бекем деле эмес экен. Болгону улуулардын колун өбүшөт экен. Ошол эле болбосо башка кыйынчылык деле болгон жок. Аябай сылык жана жардам бергенди жакшы көрүшөт.
- Үйлөнүү каадасы кайсы жактын салты менен өттү?
- Той эки жакта тең болду. Ошол үчүн Түркияда түрктөрдүн каадасы, Кыргызстанда өзүбүздүн каадабыз менен болду.
- Эсте кала турган окуялар болдубу?
- Апамдар биздин тойго Түркияга барышкан. Жолдошум экөөбүз аэропорттон тосуп алып, үйгө жөнөп калдык. Өзүбүзчө кобурашып бара жатсак жолдошум апа деди. Биз көңүл буруп тыңшап калдык. Ал олуттуу болуп, «саламдашуу» деп айтты. Көрсө «кандай» деген сөздүн түркчөсүн google котормосуна жазса, «саламдашуу» деп чыгыптыр. Аны окуп алып, апама сүйлөп жатканы экен.
Жаңы барганда жолдошумду эртең менен саат 7:30да жумушка жөнөтүп коюп, кайын эне, кайын атама чай даярдап тургузгам. Экөө тең көздөрүн ача албай көпкө отуруп, эптеп 1 чыны чай ичип болду деп коюшкан. Кийин айтып аябай күлүштү. Көрсө саат 11:30да туруп чай ичишчү экен. Азыр «таң атпай туруп, бизге чай даярдаган» деп башкаларга да айтып мактап калышат.
- Жолдошуңуз сиздин кайсы сапатыңызды жактырыптыр?
- Түрктөрдүн кыздары аябай эрке болушат. Мен барына эле күлүп макул боло берем. Ошого «күлүп жүрөт экенсиң, элпек, сыйчылсың» деп айта беришет. Өздөрү кыздарын аябай эркелетип өстүргөнгө каалаганын кылдырган, кайын эне, кайын атага көп баш ийбеген эрке келин болушат. Мен бул жактагы келиндердей болсом жактырып калышты окшойт.
- Түркиянын эли кандай болот?
- Жөнөкөй жана сыйчыл болушат. Жаңы барганда көп адашып жүрдүм. Жолдон бирөөдөн жардам сурасаң өз жумушун таштап, жол көрсөтүп, жардам беришет. Дүкөндө же башка жайларда болсун кардарларга жакшы көңүл бурушат. Бардыгы күлүп жооп беришет. Тейлөөчүлөрдүн жакшы мамилесинен улам өзүңдү маанилүү кишидей сезип каласың. Адамдары да меймандос болот. Конокко барсаң дасторконду болушунча жайнатышат.
- Жолдошуңуз Таласка көнүп калдыбы?
- Өзү шаарда өскөндүктөн айылдын жашоосуна аябай кызыгат. Койлорго өз колу менен чөп бергенди, тоок багып, жумурткасын чогултуп, чарбакка өз колу менен жер-жемиш тиккенди жактырат. «Айылдын жашоосу сонун, бадыгы ден соолукка пайдалуу» дейт. Өзү өтө аракетчил. Эл менен бат тил табышып кетет. Кыргызча үйрөт деп мага көп сөздү кагазга жаздыртып алып, улам интернеттен карап тил үйрөнүп жатат.
Көчөдөгү кошуналардын баарын кыдырып чыккан. Бардыгы менен таанышып, канча үйү бар, канча малы бар, канча тоогу бар экенин сурап чыккан. Бир жерге конокко барсак көчөсүн кыдырып кетип, бир эже менен таанышып, «койлоруң барбы, үйүң барбы?» деп сураптыр. Ал ооба десе «мага көрсөт» деген экен. Ал эже да жүр деп сарайына киргизип, малынын барын көрсөтүп чыгыптыр.
- Кенан мырза, жубайыңызды бир көргөндө эле жактырдыңызбы?
- Биринчи көргөндө эле аябай жакшы кыз экен деп көңүлүмө жагып калган. Бирок бул кыз мени карабайт го деп өзүмчө сыртынан эле жактырып жүрчүмүн. Бир нерсе десем биздин фирмага келбей калат го деп коркуп, унчукпай жолун карап, алыстан келе жатканын көргөндө жүрөгүм дүкүлдөп баштачу. Бизде биринчи фамилия, экинчи аты жазылат. Айзаныкы Валерий кызы Айза деп жазылат. Биз аты Валерий экен деп жүрчүбүз. Жумуштагы чогуу иштегендер да менин Айзаны жакшы көрөрүмдү билишчү. Айза келе жатса эле «Валерий келе жатат» деп мени карап калышчу. «Сен ушу Валерийге ачылсаң боло» деп эле уялта беришчү. Мен деле ачылып айткым келчү, бирок айтсам эле ачууланып келбей койсо, мен кайра кантип табам, каяктан көрөм деп коркуп ачыла албай жүргөм. Бир күнү Айза Кыргызстанга кетип жатканын айтып, биз менен коштошту. Биротоло ажырап калгандан көрө бир айтып көрөйүн деп болгон күчүмдү жыйнап, смс-кат жаздым. Макул болбой жүрдү, бирок мен да үмүтүмдү үзбөй, күндө гүл жөнөтүп, кат жазып, акыры макул кылып алдым.
- Талас жактыбы?
- Талас жакты мага. Буйруса акырындап күнүмдүк жашоодо колдонгон кыргызча сөздөрдү билип калдым.