Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 30.03.2018 18:14 На русском

Таласта милициянын бир катар жетекчилери кызматтарынан бошотулду (ысымдар)

Turmush -  Кечээ, 30-мартта ИИМдин Башкы штабынын комиссиялык текшерүүнүн негизинде Талас ОИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жылдык жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ишиндеги кемчиликтер үчүн бир катар жетекчилер иштен бошотулду.

Алар:

Талас ОИИБдин башчысы Ильяс Касымбаев;

Манас РИИБдин башчысы Мискенбай уулу Максатбек;

Талас ОИИБдин Каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошов.

Ошондой эле, Талас ШИИБдин мурдагы башчысы, азыркы учурда Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кызматынан бошотулду.

Өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарышпай, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн толугу менен уюштурбагандары үчүн Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары жана Талас ОИИБдин, Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас РИИБдин, Талас ШИИБдин Борбордук аппаратынын жетекчилери тартиптик жаза алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×