Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусу, Талас 28.03.2018 09:40

Таласта жер төлөдө ачылган спорт залда чемпион жигиттер машыгууда

Turmush -  Талас шаарында «Кыргыз почтасынын» жер төлөсүндө ачылган спорт залда машыккан жигиттер ийгиликтерге жетишип жатат. Бул тууралуу машыктыруучу Калыс Камчыбеков маалымдады.

Анын айтымында, спорт зал 2011-жылы ачылган.

«Залды оңдоо планыбыз бар эле. Ичине заманбап жабдыктар алынды. Залды ачуубуздун максаты — жаштарды спортко кызыктыруу, Таластан чыгаан спортчуларды чыгаруу. Азыр бизге келген окуучулардын саны көбөйүп, ийгиликтерди жаратышууда. 10дон ашык Кыргызстандын чемпиондору бар. Азиянын 2 чемпиону бизде машыгат. Спорт чебери аталган 3-4 балабыз бар. Залда 5 машыктыруучу иштейт. Ар бир мелдештерден жеңиш менен кайтабыз. Алдыда 1,5 млн сомдук шаймандарды алганы жатабыз. Акча Талас облусунун бюджетинен бөлүнөт», - деди ал.

Машыктыруучу 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×