Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 27.03.2018 11:20 На русском

Айбек Акматов Талас ШИИБдин башчысы болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Акматов Айбек Нурсланбекович Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри кол койду.

Акматов Айбек Нурсланбекович 1978-жылы 23-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

КРдин Ички иштер министрлигинин Академиясында юриспруденция адистигин окуп бүтүргөн, жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

- 07.03.2000-18.07.2001 — Бакай-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

- 18.07.2001-22.03.2003 — Талас ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн опер кызматкери;

- 22.03.2003-17.08.2004 — Кара-Буура РИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн улук опер кызматкери;

- 17.08.2004-08.04.2006 — Бакай-Ата РИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы;

- 08.04.2006-12.10.2006 — Талас ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери;

- 12.10.2006-06.04.2007 — Талас ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн улук опер кызматкери;

- 05.04.2007-06.05.2008 — Талас ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага тескөөчүсү.

- 05.06.2008-10.11.2009 — Талас ШИИБдин коомдук тартипти камсыздоо боюнча бөлүмүндө жетекчинин орун басары, жетекчи;

- 10.11.2009-05.11.2010 — Талас ОИИБдин кылмышкерди издөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук опер кызматкери;

- 05.11.2010-25.04.2014 — Жайыл РИИБдин жетекчисинин орун басары;

- 25.04.2014-04.12.2015 — Панфилов РИИБдин жетекчисинин орун басары;

- 04.12.2015-13.01.2017 — Чүй ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн башчысы;

- 04.12.2015 — Чүй ОИИБ;

- 13.01.2017-31.03.2017 — Чүй ОИИБ;

- 11.08.2017-22.02.2018 — ИИМдин Терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын Экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмди эскертүү башкармалыгынын экстремизм жана этника аралык конфликти алдын алуу бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук опер кызматкер;

- 22.02.18 баштап бүгүнкү күнгө чейин— ИИМдин Терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук опер кызматкер.

А.Акматов үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×