Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 19.03.2018 16:45

Таласта Ноорузга карата салбурун уюштурулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-мартта Талас шаарында Нооруз майрамына карата салбурун боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Бекен Төрөкулов билдирди.

Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгында Көчмөндөр оюндарына бара турчу салбурунчулар тандалды.

«Талас облусу боюнча ат үстүндө жаа атуу, бүркүт жана куш салуу, чоңдор жана жаш өспүрүмдөр арасында жаа атуу, тайган жарыш боюнча тандоо өткөрдүк. Бул тандоодо 1-2-орунга ээ болгондор Көчмөндөр оюндарына катыша алышат. Тайган жарышта күлүктүгү боюнча былтыр Көчмөндөр оюндарында 1-орунга ээ болгон Бакай-Ата районунун сары тайганы жолдомо алды. Куш салуу боюнча 1-орунду Бакай-Ата районунан келген куш, 2-орунду Кара-Буура районунан, 3-орунду Талас районунан келген куш ээледи. Бүркүт салууда Бакай-Ата районунун бүркүтү тандалып алынды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×