Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Талас облусу, Талас 17.02.2018 21:26

Айыл турмушу: Таластык Т.Жекшеналиев жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону аталган (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 21 жаштагы тургуну Тилекжан Жекшеналиев жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болгон. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорттун бул түрүнө 14 жашынан тарта кызыгып баштаган.

«Бир тууган эжем Элизат жеңил атлетика менен машыкчу. Мен да аны менен кошо чуркачумун. Ал мелдештерге кеткенде "мен да ушинтип мелдешке качан барам" деп кызыкчу элем. Эжем спортко болгон кызыгуумду байкап, Керим аттуу агайга тапшырды. Агай жөндөмүмдү көрүп, "буюрса эки жылдын ичинде Кыргызстандын чемпиону болот" деди. Агайым айткандай эле талыкпаган эмгектин арты менен Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болдум. Учурдан пайдаланып устатым Керим Өмүралиев агайга ыраазычылык билдирем. Жалпы 40-50гө жакын медалым бар. Кыргызстандын кышкы чемпионатын 2 жолу уттум. Ошондой эле, жайкы чемпионатта жеңишке жетиштим. 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүндө 2-орунду багындырдым. 2013-жылы «Мыкты спортчу» наамына ээ болдум», - деди ал.

Жаш спортчу ийгиликтери менен катар жарыш учурундагы кызыктуу окуяларды да айтып берди.

«Жарыштарга жаңыдан катышып жатканда абдан коркчумун. Күчтүү экенимди билип турсам да агайга "бул менден мынча жаш уулу, бою да узун экен" деп айта берчүмүн. Агайым мага колдоо сөздөрүн айтып турчу. Бир жолу Кочкор-Атадагы жарышка барганда тагына турган номурумду унутуп калгам. Аны кайра барып алып келгем. Агайымдын "эмнени ойлоп жүрөсүң" деп урушканы эсимде. Кээде өзүм менен сыймыктанам. Көчөдөн кичинекей балдар "ушул байкени сыналгыдан көргөм, Таластагы эң катуу чуркаган байке. Мен да ушул байкедей болом" деп айтып калышат. Мени жакшы көрүп, кумир туткан күйөрмандарым бар экенине кубанам. Алдыда көптөгөн максаттарым бар. Алардын бири — Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретүү», - деди спортчу.

Т.Жекшеналиев үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. «Өзүмдүн жеке жашоом тууралуу айтсам, жүрөгүмдүн ээси бар. Аты Мадина, ал Талас шаарындагы №2 мектепте билим алып жатат», - деди спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×