Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Жубайлар: Ирина жеңени жолдошу бир көрүп жактырып, «Волга» менен алып келген (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 43 жаштагы тургуну Арстан Асанбеков 34 жаштагы жубайы Ирина Жуманалиеваны бир көрүп жактырып калган. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Ирина айым: Мен Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын экинчиси болом. 2006-жылы Кара-Буура районунун Чолпонбай айылына келин болуп келгем. Учурда 3 кыз, 1 уулдун энесимин. Улуу кызым Айданек 4-класста окуйт. Андан кийинки кызым Айдана 2-класс, уулум Улан быйыл 1-класска барат. Эң кенже кызыбыз Асия 3 айдан кийин 4 жашка толот. Эң кенже кызыбыздын ысымын жолдошум экөөбүз китептен тандап койгонбуз. Ысымы «жардамчы, боорукер» деген маанини түшүндүрөт. Жолдошум экөөбүз Талас базарында чакан ишкерлик кылабыз.

23 жашымда келин болуп келдим. Жаңы келин болуп келгенде эшикте жамгыр жаап, Арстандын буту суу болуп калды. Экөөбүз тең жолдо болгондуктан жолдошума бутумдагы кургак байпагымды чечип берген элем (күлүп). Мен ал учурда унаада болгом. 23 жашымда келсем дагы бала кыялым кала элек болчу. Бирок үйдүн улуу келини аталгандыктан токтоо болуп, өзүмдү тың алып жүргөнгө аракет кылчумун. Анткени үйдө жолдошум улуу баласы болсо дагы эң кеч үйлөнгөн. Ал эми, эң кичүү кайын иним ал учурда үйлөнүп, 2 балалуу болуп калган болчу. Бирок кайын инимдин жубайы менен сый мамиледе болуп, мени жеңе дечү (күлүп).

Мага жолдошумдун көсөмдүгү, камкордугу жагат. Чогуу жашап жатканыбызга 12 жыл болуп калды. Азыр Талас шаарында жашайбыз. 2014-жылы өз алдыбызча Талас шаарында үй куруп баштаганбыз. Там куруудагы кыйынчылыктарды жеңип, 2017-жылы тамга аман-эсен кирип алдык (күлүп).

Арстан мырза: Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Жубайым Иринаны айылдан бир көрүп жактырып калган болчумун. Ошол учурда ушу кызды жубайым кылып алам деп ишенимдүү ойлогом. Ал учурда азыркыдай лимузин дегендер Талас жергесине келе элек болчу. Жубайымды «Волга» менен алып келгем.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 988
Көп окулду
×