Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Манас жана Талас райондорунун акимдери сөгүш алды

Turmush -  2017-жылы Талас облусунун продукциясы 28 мамлекетке экспорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда облустук коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Киров суу сактагычынан Казакстанга 814.03 млн метр куб суу берилген. Өнүктүрүү фонддору тарабынан 175 млн сом бөлүнүп, облус боюнча 87 долбоор ишке ашкан.

Облустун 2017-жылдык баяндамасында Талас району менен Манас району мүлктү камсыздандыруу, салык жыйноо боюнча көрсөтүлгөн планга жетпей калды деп табылды. Жыйынтыгында Манас районунун акими Бектеналы Дүйшөбаев менен Талас районунун акими Бакыт Нуржанов сөгүш алышты. Эки акимге пландык ишти көрсөтүү үчүн жарым жыл убакыт берилип, бул убакытта жыйынтык чыкпаса кызматтарынан бошотулары айтылды.

Коллегиялык жыйынга облустагы мамлекеттик мекемелердин, райондордун жетекчилери, облустун жетекчиси Марат Мураталиев жана вице-премьер-министр Санжар Муканбетов катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1343
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×