Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 12.02.2018 12:38 На русском

К.Осмонбеков Талас облусунун жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Канимет Осмонбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда облустук коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жыйында Талас облусунун 2017-жылдагы социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Иш-чарага облустагы мамлекеттик мекемелердин, райондордун жетекчилери, облустун жетекчиси Марат Мураталиев жана вице-премьер-министр Санжар Муканбетов катышты.

Канимет Осмонбековдун резюмеси:

Туулган жылы - 1979-жыл 13-апрель.

Билген тилдери - кыргыз, орус.

Билими:

- 1993-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык институтун аяктап, ветеринар кесибине ээ болгон;

- 2011-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктап, мамлекеттик башкаруу адистигине ээ болгон;

Эмгек жолу:

- 04.07.1993 – 25.01.1995 – «Күмүштак» колхозунун мүчөсү;

- 26.01.1995 – 30.12.2001 – «Боо-Терек» ассоциациясында башкы ветеринар;

- 02.01.2002 – 04.10.2006 – Боо-Терек айылдык башкармалыгында жооптуу катчы;

- 20.07.2009 – 09.03.2010 – Бакай-Ата районунун акимчилигинде адис;

- 10.03.2010 – 02.2011 – Президенттин алдындагы башкаруу академиясында «Мамлекеттик башкаруунун магистри» программасынын катышуучусу;

- 10.03.2010 – 14.09.2010 – Бишкектеги жүргүнчү ташууну автоишканада инженер;

- 15.02.2011 – 06.09.2011 – КРнын президентинин иш башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүндө референт;

- 06.09.2011 – 27.01.2014 – КРнын президентинин иш башкармалыгынын алдындагы кадрлар бөлүмүндө юрист;

- 27.01.2014 – 02.06.2014 – КРнын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгында кадр жана иш жүргүзүү боюнча менеджер;

- 02.06.2014 – 2018-жылдын февраль айына чейин Бакай-Ата районунун акими.

- 2018-жылдын февраль айынан тарта Талас облусунун жетекчисинин 1-орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×