Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Жаш талант: Таластык Элхан Рубиктин кубигин 15 секундда топтойт (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Элхан Арстанбеков Рубиктин кубигин 15 секунд ичинде топтой алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кубикти куроону былтыртадан тарта өздөштүрө баштаган.

«Сыналгыда балдардын саналуу секунддардын ичинде кубикти чогултуусу жөнүндө телеберүү болуп жаткан экен. Ошондон кийин мен да кызыгып үйрөнө баштадым. Бара-бара 2x2 кубикти 30 секундда, 3x3 кубикти 38 секундда, мега минск кубикти 4 мүнөт 30 секундда кубик рубикти, пирамиданы 10 секундда топтой баштадым.

Бир күнү айылга бара жатсам көчөдө жаш балдар Рубиктин кубигин куруп ойноп жатышкан экен. Ошолор менен ким бат чогултар экен деп мелдеше кеттим. Биз кура турган кубик пирамида эле. Мен 15 секундда бүтсөм, атаандашым 25 секундда бүттү. Дагы бир жолу Бишкек шаарында кичи автобуста отуруп бирөө менен мелдеше кеттик. Менин атаандашым кубик чогултуу боюнча мелдештерге катышып жүргөн бала экен. Биз кубиктин татаалын чогултушубуз керек эле. Ал кубикти 3 мүнөттө курду. Мен куруп жатып ал кубикти чачып алдым. Бирок кайра чогултуп, 1,5 мүнөттө кураштырдым.

Алдыда мелдештеге катышып, биринчиликти багындырууну көздөп жатам. Мындан тышкары гитара чертип, спорт менен машыгам», - деди ал.

Элхан үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1827
×