Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 09.02.2018 09:38

Айыл турмушу: Таластык С.Русланова 3 жылдан бери университетте мугалим болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Сания Русланова 3 жылдан бери Талас мамлекеттик университетинде англис тилинен сабак берип келет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, орто мектепти 2009-жылы аяктап, ошол эле жылы Талас мамлекеттик университетинин англис тили бөлүмүндө билим алып баштаган.

«Университеттеги кафедрада 1 жыл методист болуп эмгектендим. 2017-жылы 6 бөлүмдөн турган китеп чыгардым. Методист болуп иштегендиктен көбүнчө мугалимдер менен чогуу иштешчүмүн.
Методист кафедранын кыймылдаткычы деп айткым келет. Бул жактан макала жазасың, илим менен алектенесиң.

2017-жылы катардагы англис тилчи мугалим болуп иштей баштадым. Саатым аз болгондуктан эртең менен 8:30дан 10:30га чейин сабак берип, андан кийин сулуулук салонунда курска кирип окууну чечтим. Азыр Таластагы салондо айымдарды сулуулаганды үйрөнүп жатам. Мугалимдик кесиптен тышкары салон ачып, аны жетектесем деген ойлорум бар», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу экөө 1 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×