Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Мугалим Г.Осмонкулова Индия, АКШга чейин барып, тажрыйба топтоп келген (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 59 жаштагы англис тилчи мугалим Гүлгаакы Осмонкулова Индия, Америкага чейин барып, тажрыйба топтоп келген. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик университетинин англис тили факультетин 1980-жылы аяктаган. Эмгек жолун Талас районунун Арал орто мектебинде англис тилч болуп баштаган. Учурда Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы мектепте иштеп жатат.

«1999-жылы январь-март айларында Индиянын Хайдарабад шаарындагы Борбордук тилдер институтунда окуудан өтүп келгем. 2007-жылы Американын Небраска штатындагы университетте 6 жума окуп келдим. Небраска штатынын Линкольн шаарынын мериясынын ардак грамотасын алгам.

Мен окуткан окуучуларым Америкада билим алып жатышат. Окуучуларымды өзүмдүн балдарымдай көрөм. Лицейде 8-класстан жогоркулар менен иштешем. Жатаканада жаткан окуучулар менен да өз ара иштерди жүргүзөм. Окуучулардын аң-сезими ар кандай болот. Кээ бирине тамаша катарында айтып жеткизем. Бирок азыркы рейтинг боюнча окуучулардын билимге умтулуусу начар. Мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн изденүүсү күч болчу. Азыр интернет тармактарынанбы, айтор билимге умтулуу начар», - деди ал.

Мугалим эмгек жолунда бир нече сыйлыктарга ээ болуп, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алган. Илимий-усулдук эмгектери жергиликтүү жана республикалык массалык маалымат каражаттарына байма-бай жарыяланып турат. Мисалы «Лицей чет элдик меймандын көзү менен», «Изденүү ийгилик ачкычы» жана башка макалалары басма сөз беттерине чыккан.

Мугалим айым жолдошу Шыгалиев Бакыт менен 2 уул, 3 кыздын, 13 неберенин ата-энеси болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1207
Көп окулду
×