Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Жаш талант: Таластык М.Рыспекова 10 жашынан бери бийлердин түрүн үйрөндү (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Марал Рыспекова 10 жашынан бери бийдин түрлөрүн өздөштүрдү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач элдик бийлерди үйрөнүп, кийин заманбап бийлерди бийлей баштаган. Учурда бий топ менен ресторандарда ар кандай салтанаттарда бийлешет.

«Өзүм бийге арыкташ үчүн эле катышкам (күлүп). Башында бийдеги кыздар менен тил табыша албай жүрүп, кийин алар экинчи үй-бүлөм болуп калышты. Алгач өтө кыйын болгон. Апам «сабакка көңүл бурбай каласың» деп бийге барышыма каршы чыккан. Бирок баары бир көндүрдүм. Кийин ата-энем колдоо көрсөтүшкөн.

2 жылдан бери заманбап бийлерди бийлеп жүрөм. «Md Club» заманбап бий тобуна мүчөмүн. «Короли танцпола» деген сынакта 3-орунду ээ болуп, 5 миң сом сыйлык алганбыз. Ошол сынакта бир кесипти чагылдырган бий бийлешибиз керек болуп, милиционерлердин кийимдерин сурап алып чыкканбыз», - деди ал.

Бийчи кыз келечекте Германияга барып билим алгысы келет. Үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1055
×